Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, 21-октябрга карата республика боюнча жалпысынан 616,1 миң га (92,2 %) аянттагы дан өсүмдүктөрү жыйналса, анын ичинен буудай — 235,9 миң га (98,1%). Бул өткөн жылга караганда 44,8 миң га көп. Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 30,2 ц/га айланып, 2023-жылга салыштырмалуу 5,5 ц/га жогору. Дүң жыйым 712,2 миң тоннаны түзгөн. Өткөн жылга караганда 239,5 миң тоннага көп.
Арпанын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу 3,6 ц/га жогору – 26,0 ц/га. Дүң жыйым 631,5 миң тонна. Былтыр 191,9 миң тонна эле болгон.
Жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу 2,0 ц/га көп — 69,3 ц/га. Чанактуулардын түшүмдүүлүгү 14,6 ц/га түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 ц/га көп.
Картошканын орточо түшүмдүүлүгү 170,9 ц/га болууда. Азырынча толук жыйналып бүтө элек. Дүң жыйым 858,0 миң тонна. Өткөн жылга салыштырмалуу 19,5 миң тоннага көп.
Жашылчанын жыйымы да, май өсүмдүктөрүнүн да эгилген аянты жана дүң жыйымы былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк. Кант кызылчасы 7,9 миң гектар аянттан жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 614,6 центнерди түзгөн. Бул көрсөткүч да былтыркыдан 142,4 центнерге жогору.
Быйыл күз берекелүү болуп, түшүм мол болду. Жер-жемиштер да арбын жыйналды. Бирок, өлкөнүн дыйкандарын түйшөлдүргөн бир маселе бар. Ал маңдай тер төгүп, мээнет менен жыйнаган түшүмдүн баасы жана аны кайда сатып өткөрөбүз деген баш оору.
Былтыр таластык дыйкандар болгар калемпиринин баасын келтирип сата албай, эки көзү жайнаса, быйыл кызыл алмаларын бактан терсекпи же тербей эле койсокпу деп, эки анжы ойдо олтурушат. Себеби, бир кило алманын баасы 15-20 сомдон бааланууда. Сок кылып сыктырып салалы десе, айылда андай аппарат да жок, малга берели десе – убал.
Айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып өткөрүү жана алардын баасы тууралуу маселе менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнө кайрылганыбызда:
“Баа маселеси баш оору болуп жатканы ырас. Учурда алманын джонаголд, семерянка сыяктуу сорттору Россия Федерациясына экспортко чыгып жатканы менен, өлкө боюнча алманын дүң баасы 20-30 сомго чейин болууда. Алманын баасынын төмөндүгү — быйылкы жыл жаанчыл болгондуктан алмаларда оорулар күч алып, бир жагы мөндүрдүн астында калган алмалар майдаланып товардык көрүнүшү бузулганы менен да байланышкан. Бул анын баасына да таасирин тийгизип, дүң баа — 8-12 сом.
Ал эми картошканы айтсак, үстүбүздөгү жылдын 9 айында Өзбекстан, Казакстан, Россия Федерациясы жана Азербайжан өлкөлөрүнө 55,3 миң тонна экспорттолду. Ооба, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жылдын күз айларында картөшкөнүн баасынын төмөндөшү байкалып келет. Мунун себеби өлкөдө картошканын ашыкча өндүрүлгөнүнөн улам. Экинчи себеп, кайра иштетүү жана сактоо мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишсиздиги. Чипсы, картошка пюреси жана башка кошумча наркы жогору продукция өндүрүүчү заводдорубуз жок. Үчүнчү себеп, тышкы рыноктогу соода келишимдеринин аздыгы. Төртүнчүсү, коңшу өлкөлөрдөгү картошканын өндүрүшүнүн өсүүсү. Акыркы жылдары Казакстан жана Россияда картошка өндүрүү кескин жогорулап, импортко суроо-талап төмөндөдү. Азыркы тапта картошканын дүң баасы 15-20 сомдон болгонун ушуну менен түшүндүрсөк болот” деген түшүндүрмө алдык.
Туура, айыл чарба азык-түлүктөрүнүн баасы жана аны сатып өткөрүү бир катар объективдүү жана субъективдүү жагдайлар менен байланышкан. Көп учурда дыйкандар түшүмдү жыйнап алып, кайра эле сатканга шашышат. Бул түшүнүктүү. Бизде логистика өнүккөн эмес. Сактоочу жайлар да аз. Натыйжада, дыйкандар маңдай тер төгүп жыйнаган түшүмүн сатып өткөргөндөн башка эч арга жок. Жашылча, жер-жемиштин, дан эгиндеринин баасы көп учурда арзан бааланып калганы ошондон. Экинчиден, бизде жашылча жана жер-жемиштерин кайра иштетүү өнөр жайы өнүккөн эмес. Бул да объективдүү кедергилердин бири. Андыктан, жер-жерлерде кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын, жок дегенде чакан цехтерди ачуу күн тартибиндеги маселелерден.
Арийне, учурда бул багытта аракеттер бар. Өлкө аймагында өсүмдүк майын өндүргөн 16 ишканада күн карама, пахта, зыгыр, ашкабактын, жүзүмдүн данеги, грек жаңгагынан өсүмдүк майын чыгарышат. Өндүрүүчүлөр анда бир жолку муздак сыгып алуу ыкмасын колдонушат. Айтымда, мындай ыкманы колдонууда даяр болгон продукцияда көптөгөн табигый пайдалуу заттар сакталып калат.
Айыл чарба продукцияларын импорттоо-до мыйзам бузуу фактыларынын катталышы да дыйкандар үчүн тоскоолдуктардын бири экенин ачык айтып коюуга тийишпиз. Алсак, быйылкы 9 айдын аралыгында айыл чарба продукцияларын импорттоодо 82 мыйзам бузуу фактылары катталып, артка кайтаруу актылары түзүлгөн. Бул сүт азыктары, эт азыктары, балык жана балык азыктары, жаныбарлар, тоют жана жумурткага тиешелүү. Казакстанга бараткан 65 жүк артка кайтарылса, Өзбекстанга бараткан — 8, Россия Федерациясына бараткан — 7, Кытайга, Түркияга жөнөтүлгөн – 1ден жүк артка кайтарылган. Демек, биздин өндүргөн азык-түлүктөр фитосанитардык текшерүүлөрдөн өтпөй калган. Бул да айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү ойлонтууга тийиш.
Дагы бир маселе, бул биздин дыйкандар эмнени өндүрүш керек деген маселе. Себеби, бизде жылда Көлдө, Кочкордо картошка, Таласта төө буурчак айдай беришет да, натыйжада алар жарыбаган түшүм берип жатышат. Маселен, Таласта алгачкы жылдарда төө буурчактан 1 гектардан 2,5-3 тоннага чейин түшүм алышса, азыр бир тоннага жетип-жетпеген түшүм алышат. Ошондуктан, айыл чарба өсүмдүктөрүн жыл сайын алмаштырып өстүрүү да жакшы натыйжа берерин унутпашыбыз абзел. Алсак, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменттин уюштуруусу астында быйыл Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «КИРБИ» үрөнчүлүк чарбасынын базасында 50га аянтта май зыгыры, 15 га чирченин судан гибриди, 3 га 2-сорттогу буурчак жана 30га таруу, 12 га сабиздин, 2 га пияздын үрөнүн өндүрүү боюнча демонстрациялык себүү уюштурулган.
Натыйжада майлуу зыгыр, чирченин судан гибриди түшүмдүү жана кирешелүү болоору аныкталган.
Ошондой эле малдарды жасалма жол менен уруктандыруу да пайдалуу экенин айтып коюуга тийишпиз. Азыр асыл тукум мал өстүрүүнү көздөгөндөр 5 миң долларга чейин кочкор, 10 миң долларга чейин бука сатып алган учурларды көрүп жүрөбүз. Албетте, каражаты чектелүүлөр үчүн жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу асыл тукум малдарын көбөйтүп, малдарды сандан сапатка өткөрүүдөн өтөрү жок. Азыр каалаган асыл тукум букалардын уруктары менен жергиликтүү тукумдагы уйларды жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу сапаттуу төл алынууда. Кой, эчки, жылкыны деле ушул жол менен аргындаштырса болот.
Бүгүнкү шарттарда өндүрүлгөн продукция рынокто суроо-талапка ээ экендиги маанилүү.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”