Бүгүн Албаниянын Тирана шаарында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, килемде 61, 70, 79, 92 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
Кыргызстандын атынан үч спортчу катышат:
- 61 кг Тайырбек Жумашбек уулу — Цогбадрах Цэвеенсурэн (Монголия) — Арийский Цютрин (Беларус);
- 70 кг Алибек Осмонов — Сина М. Халили (Иран) — Нюргун Скрябин (Беларус);
- 79 кг Арсалан Будажапов — Адам С. Томпсон (АКШ);
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30 да башталат.