Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эл аралык театр күнү белгиленет.
Учурда Кинематография департаменти кыргыз театрларынын тарыхы жөнүндө даректүү тасма даярдоодо.
Мындан сырткары, аймактардагы театр оюн-зоок мекемелери да бул күнду жаңы спектаклдерди коюу менен белгилешет.
Акыркы жылдары мамлекет тарабынан театр тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, акча каражаты бөлүнүп, жаңы спектаклдердин саны көбөйүүдө. Атап айтсак, 2023-жылы жаңы 81 спектакль кыргыз сахналарына коюлуп, 2022-жылга салыштырмалуу 76,09 %га көп болду.