Кытайлык адистер ОшМУнун окутуучуларын робототехника боюнча окутуудан өткөрдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун 15 окутуучусу Кытайдан келген адистердин окутуусунан өтүштү.
Эки инженер Сучжо шаарында жайгашкан HUIBO компаниясынан келген. Ал эми үчөө Цзямусы техникалык институтунун окутуучулары.
Окутуу 27-октябрдан 8-ноябрга чейин ОшМУнун «Келечек муундун ХАБы» (Next Generation Hab) борборунда болду. Жыйынтыгында институттун окутуучулары программалоо жана робототехника боюнча курсту аяктап, эл аралык сертификатка ээ болушту.
Эми алар Мехатроника жана робототехника адистигинин студенттерине жана атайын робототехника курстарынан сабак бере алышат. Ошондой эле HUIBO компаниясынын роботтору жайгашкан завод-фабрикаларда жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.