Бүгүн Жумгал районунун Өрнөк айылында ата-баланы издөө иштери саат 9:28де башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, издөө ишине ӨКМден 5 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 18 адам, жалпы 33 адам жана 4 рация, 2 дүрбү, 1 куткаруу унаасы тартылды.
Издөө иштери Кызыл-Коргон (Өрнөк) айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Нарын облусунун Жумгал районунда 16-октябрь күнү 1979-жылы туулган К.Б. жана уулу 2015-жылы туулган С.Б. мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.