Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

ИИМде шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча онлайн кеңешме өттү

Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коопсуздук иш-чаралары, улуттук пландын аткарылышы жөнүндө маселелер каралды.

ИИМ башчысы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чараларды алып баруу тапшырмасы буга чейин берилгенин дагы бир жолу эскертти.

“Шайлоо мезгилинде коопсуздукту камсыздоо жөнүндө” Ички иштер министрлигинин комплекстүү иш-мерчемин бекитип, баарыңыздарга таратып бергенбиз.

Аталган иш-мерчемде ички иштер органдарынын аткара турган негизги иш-чаралары так көрсөтүлгөн. Андыктан, бардык жетекчилер, Жарлыктын талаптарын жана Ички иштер министрлигинин иш-мерчемине чоң жоопкерчилик менен карап, коюлган тапшырмаларды өз учурунда аткарууну колго алыңыздар.

Азыркы тапта, республиканын бардык аймактарында шайлоо алдындагы үгүт иштери кызуу жүрүп жатат. Буга байланыштуу, жарандардын коопсуздугун сактоо, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин күчөтүлгөн тартипте алып барууну тапшырам.

Шайлоо өтүп жаткан мезгилде, көйгөйлөр жаралып, кемчиликтерге жол бериле турган болсо, анда ошол аймакка жооптуу болгон биринчи жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлө тургандыгын алдын ала эскертем», — деди Ниязбеков.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар