whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Газадагы согушту токтотуу үчүн “Эки мамлекет” идеясын колдоону сунуштады

Президент Газадагы согушту токтотуу үчүн “Эки мамлекет” идеясын колдоону сунуштады

11-ноябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров  Эр-Риядда Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү.

Президент өз сөзүндө уланып жаткан кризис шартында мусулман дүйнөсүнүн ынтымагынын жана тилектештигинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал туура бир жыл мурун мүчө-мамлекеттер Палестина элине карата орун алып жаткан зордук-зомбулуктун токтоосун талап кылганын эске салды.

Президент абалды оңдоо жана чечүү жолдорун аныктоо үчүн аракет көрүп, саммитти өткөрүүгө шарт түзүп берген Сауд Аравиянын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Ал чыр-чатактын кесепетинен эбегейсиз жоготууларга дуушар болгон палестиналык жана ливандыктардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөрүн айтты.

Садыр Жапаров бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе, өспүрүмдөр менен аялдардын курман болуусу – эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш экендигин баса белгиледи. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин жана Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан зордук-зомбулукту токтотуу жана чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле жаңжалдагы тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана “Эки мамлекет” идеясын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуштады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар