whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл кант кызылчасынын түшүмү 900 миң тоннага жетээри болжолдонууда. Бул 120 миң тонна ак кантты өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

«Өлкөдө быйылкыдай түшүмдүн көлөмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында кант өндүрүүчү 2 ишкана иштеп жатат: «Кайында-Кант» жана «Кошой» ААК. Заводдор кант кызылчасынан да, кант камышынан да кант чыгарат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар