Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына: «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева демилгелеген.
Ал белгилегендей, президенттин жарлыгына карабастан азыркы учурда мектептерде акча чогултуу улантылып жатат. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоо максатында жоопкерчилиги күчөтүлүп иштелип чыккан. Мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
Талкуу маалында демилгечи Миргүл Темирбаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам долбоору меценаттык, демөөрчүлүк жардам көрсөтүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпагандыгын баса белгилеп: «Биздин мыйзам долбоорунда кандайдыр бир мажбурлоо жолу менен, уюм түзүп ата-энелерден акча чогултуу факты аныктала турган болсо, жеке жактар болобу, юридикалык жактар болобу айып пул салуу жаза чараларын көрүү сунушталууда», — деди.