Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Улан Примов Улуу Британиянын элчиси менен жолугушту

18-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Ага Жогорку Кеңештин Улуу Британия парламенти менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев, Улуттук демократиялык институтунун директору (NDI) Дэн Редфорд, Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев катышты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.

Өз сөзүндө комитет төрагасы Улан Примов Кыргызстан жашыл экономиканын алкагындагы гидроэнергетика, кайра жаралуу энергетикасы сындуу долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн болгон жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

“Учурда Кыргызстан трансчекаралык транспорттук коридорду жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Борбор Азиядагы экономикалык интеграцияны күчөткөн жол тармагын жана темир жол транспортун модернизациялоо секторуна британиялык инвесторлорду көңүл бурууга чакырабыз”,— деди ал.

Депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңеш Улуттук демократиялык институт менен кызматташууну күчөтүү жаатындагы маселени көтөрдү. “Уюмдун көмөгү менен маанилүү мыйзам долбоорлору боюнча экспертиза жүргүзүлүп, ал натыйжасын берип жаткан эле. Мындан ары да сапаттуу мыйзам долбоорлорду кабыл алуу үчүн NDI колдоо көрсөтсө”, — деди Жанарбек Акаев.

Ал эми элчи Николас Боулер билим берүү, кыргызстандыктарды Англияда жумушка орноштуруу боюнча көрсөткүчтөр жогорулаганын айтып, ар башка тармактар боюнча узак мөөнөттүү программаларды жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды күтөрүн кошумчалады.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар