Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Ага Хан уюмунун өкүлү менен тоолуу аймактардагы жашоочулардын жашоосун жакшыртуу талкууланды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев жана депутат Жалолидин Нурбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушту.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, тараптар Кыргызстандын тоолуу аймактарынын жашоочуларынын жашоосун жакшыртуу жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңеш менен Ага Хан уюмунун ортосундагы кызматташтык өз натыйжасын берип жатканын айтты. Ал керектүү макулдашууларды, ратификациялык долбоорлорду, социалдык-экономикалык маселелерди биргелешип чечип, республиканын бийик тоолуу аймактарында калктын аярлуу катмарынын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Ага Хан өнүктүрүү тармагынын ишмердүүлүгү бизге кеңири белгилүү, анын негизги артыкчылыгы — тоолуу аймактарда жашаган элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу менен жардам берип, колдоо көрсөтүп келүүдө. Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери менен күрөшүү дүйнөлүк коомчулуктун эң актуалдуу маселелеринин бири болуп саналат. Климаттын өзгөрүшүнүн шартында тооолуу аймактар өзгөчө аялуу болуп калууда. Ушуга байланыштуу, акыркы он жылдан бери Кыргызстан туруктуу өнүгүүнү, айлана-чөйрөнү коргоону жана тоолуу аймактарда жашоо-шарттарын жакшыртууну илгерилетип келет”, -деди депутат Аманкан Кенжебаев.

Өз кезегинде Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал бүгүнкү күндөгү климаттын өзгөрүшү, аба-ырайынын булганышы өтө кооптуу көйгөй экенин айтып, биримдикте чогуу иш алып барууну сунуштады. Ошондой эле айыл-чарба тармагында суу ресурстарын туура жана жеткиликтүү пайдалануу үчүн аталган уюм 85 суу каналын оңдоп, мындан тышкары саркынды сууларды тазалоочу 41 скважина курган. Жакшы демилгенин натыйжасында учурда 160 миңден ашуун адам сугат жерлерин сугарууга мүмкүндүк алышкан.

Жолугушунун соңунда тараптар бардык багытта тыгыз кызматташууга кызыктар экенин ырасташып, Нарын жана Ош облустарындагы Ага Хан мектебинде көчмө жыйын өткөрүү тартибин макулдашышты.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар