Эр-Рияд шаарындагы элчиликте Кыргызстан менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле саамалык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган.
Иш-чарага Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары, доктор Фейсал бин Абдулазиз Аль-Судайри жана падышалыктын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык корпустун иштери боюнча башкы директору Али бин Абдулла Аль-Шахри, дипломатиялык мекемелердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, Сауд Аравиянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери, дипломатиялык корпустун жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, коомдук, маданият жана илим ишмерлери, ошондой эле Сауд Арабияда жашаган Кыргызстандын жарандары катышты.
Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов өзүнүн куттуктоо сөзүндө белгиленип жаткан окуялардын кыргыз эли үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстандын эгемендик мезгилиндеги жетишкендиктерин айтып берди.
Марипов Кыргызстандын президенти жана министрлер кабинети тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча көрүлүп жаткан чараларга, ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясатка токтолду.
Элчиликтин аймагында кыргыз боз үйү тигилип, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары көргөзмөгө коюлду, ошондой эле фотокөргөзмө уюштурулуп, конокторго кыргыз элинин маданияты, каада-салты, тарыхы жана турмуш-тиричилиги менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери Асылбек Насирдиновдун, Өмүрзак Кайыповдун жана Аксай Мукамбет уулунун концерттик программасы менен коштолду. Иш-чарада «Манас» эпосунан үзүндү дагы аткарылды.
Салтанаттуу кеченин катышуучуларына негизги бөлүгү кыргыздын улуттук тамак-аштарынан турган өзгөчө сый тамак уюштурулуп, аларга символикалык белек катары кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпак берилди.
Бул кабыл алуу Кыргызстандын маанилүү тарыхый этаптарын дагы, эл аралык байланыштарды чыңдоону дагы белгилеген маанилүү иш-чара болду.