Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

2025-жылы Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылат

2025-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан Жаматтык коопсуздук жана келишим уюмуна төрагалык кылат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Казакстандын Астана шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынында билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, министр Кулубаев ЖККУга төрагалык кылууга байланыштуу Кыргызстандын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө кыскача маалымат берди.

Ошондой эле биргелешкен жыйында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу, Афганистандагы кырдаалга байланыштуу, ошондой эле ЖККУнун БУУнун Башкы ассамблеясында байкоочу статусун алгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүлөрү кабыл алынды.

Мындан тышкары, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчыларынын кароосуна киргизиле турган ЖККУга мүчө-мамлекеттердин саясий жана аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү, уюмдун ишмердүүлүгүн финансылык, экономикалык жана укуктук камсыздоо боюнча чечимдердин долбоорлору жактырылды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар