whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономикаКыргыз балы 2025-жылы Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө

Кыргыз балы 2025-жылы Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө

Кыргыз балы 2025-жылдын башында Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө. Маселе министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Сандор, ошондой эле айыл чарба тармагындагы венгр компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды.

Айыл чарба минисрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз балын Европа биримдигине экспорттоого байланышкан маселелер, ошондой эле балдагы заттардын калдыктарына мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү маселелери каралды.

Даярдалган мониторинг планы Европа комиссиясынын саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча башкы директорлугуна жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Европадан Кыргызстанга асыл тукум малдарын алып келүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун соңунда Венгрия компаниялары менен мындан ары кызматташуу жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар