Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда 9 айда 68 млн. доллар көлөмүндө соода жүгүртүлгөн

Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 9 айда 68 млн. долларды түздү. Бул тууралуу кыргыз-беларусь биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынында белгилүү болду.

Тараптар жакынкы 3 жылда товар жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн 500 млн. долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн эки өлкөнүн мамлекеттик органдары ортосунда иш алып барууну күчөтүүнү макулдашты.

Тараптар ошондой эле Минск менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси боюнча позициялардын дал келээрин белгилешти. Статистикалык маалыматтар боюнча, өткөн жылдын аягында Кыргызстанга Беларустан 5000ге жакын жаран келсе, быйылкы жылдын 8 айында бул көрсөткүч 4000 адамдан ашкан.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар