Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Нурланбек Шакиев Беларустун элчиси Сергей Молуновду кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Молуновду кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Сергей Молуновду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Тажрыйбалуу дипломат катары эки өлкөнүн алакасын чыңдоого өз салымыңызды кошуп, байланыштарыбызды жаңы деңгээлге чыгарасыз деген ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле жолугушууда алакалардын учурдагы абалы жана келечеги талкууга алынып, төрага Нурланбек Шакиев эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маселелерге токтолду.

“Биз өнөктөш өлкө катары бардык тармактар боюнча кызматташып келебиз. Анын ичинен акыркы жылдары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарыбыз жигердүү өнүгүүдө. Кыргызстан калыптанган алакаларды арттырып, айрыкча өндүрүштүк багытта тажрыйба алмашууга кызыкдар. Бул жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди төрага.

Муну менен катар кечээ эле өткөрүлгөн Кыргыз-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын отумунун ишине жогору баасын берген Нурланбек Шакиев аталган жолугушуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүүгө көмөкчү болоруна ишенерин билдирди.

Мындан тышкары, парламенттер аралык кызматташтык да жигердүү өнүгүп жатканын айткан төрага мамлекеттер ортосундагы келишимдерди мыйзамдык жактан колдоода парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин кошумчалады.

Өз кезегинде элчи Сергей Молунов жылуу кабыл алганы үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында айтылган сунуш-пикирлер боюнча жигердүү иш алып барарын убада кылды.

“Азыркы тапта Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинен Кыргызстан дүйнөнүн көңүл чордонунда турууда. Өзгөчө өлкөңүздөрдөгү жаңыланууларга жана жетишкендиктерге башка мамлекеттер кызыгуу менен байкоо салууда. Биз негизги өнөктөш өлкө катары бардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз жана жеке мен элчи катары алакаларды арттыруу багытында алгылыктуу иштерди алып барууга даярмын”, – деген Сергей Молунов жасай турган иштериндеги артыкчылыктуу тармактарга токтолду.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар