Белгилүү болгондой Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков КР Судьяларынын кеңешине судьялык кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган.
КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун маалыматына ылайык, Судьялар кеңеши бул арызды канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин президент Садыр Жапаровго киргизишти.
Бул сунуш Мамлекет башчысы тарабынан канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылды.