Акындар көп. Бирок, ырларынын сыясы кургап бүтө электе эле ооздон оозго көчүп айтылып, жазгандары эл арасына таралып кеткен акындар сейрек. Улуу муундагылардан Мидин Алыбаев, Какен Алмазбеков, Асан Токоев, Байдылда Сарногоев мына ошондой тагдырдын ээси болсо, биздин муундагылардан Дүйшөн Жапаров дал ошондой тагдырга ээ болду.
Ал өзүнүн муунундагы калемгерлерден бардык жагынан айырмаланып турчу. Жоош болчу, балпая басып, аста сүйлөп, болоор-болбос жылмайып коюп жүрө берчү. Улунуп-жулунчу эмес, такыр шашпачу. А шашканда куду Ан-2дей калдалактап калчу. Колунан келген иш болсо, кимге болбосун жардамга шашчу. Кимге болбосун, куду бир тууганындай, досундай мамиле жасачу. Акыркы тыйынын бирөөгө берип коюп, же үстүндөгү кийимин чечип берип коюп деле, анысын жарыя кылганын көрбөдүм. Эс тутуму укмуш эле. Өзүнө жаккан ырларды кой, бүтүндөй тексттерди бир окуп эле жаттап алчу да, өмүр бою эсинде сактап калчу. Окуган чыгармаларынын сюжетин эле эмес, ар бир каарманын, алардын кызыктуу окуяларын да сөз кыябы келгенде кызыктуу кылып айтып берчү. Кызык аңгемечи да эле. Окуган китептерин китептегиден да көркөм айтчу.
Студенттик жылдарда дээрлик күн сайын ыр жазаар эле. Жазганда да, улам оңдоп, улам түздөп, ырды ийине жеткирмейинче жаза берчү. Өтө эмгекчил болчу. Анан эле доор алмашылып, заман оодарылганда жазбай калды. Тагыраагы, жазбай койду. Муну менен ал өзгөрүлмө, сатылма жана сатма, баары соода-сатыктын объектисине айланган мезгил менен келише албаганын тастыктагысы келди окшобойбу.
Дүйшөн Жапаровду элге тааныткан, китеби чыга электе эл аралаткан Дүйшөн саптары – эки сап ырлары болду:
Олтурсам жалаң чай менен,
Очоет төрдө кайненем.
* * *
Жакыры көп, бардар аз,
Жакшы ырларга кардар аз.
* * *
Жоголгон бычак сабы алтын,
Жоголгон катын саны алтын.
* * *
Досторум келсе – дудукмун,
Досторго барсам – кудукмун.
* * *
Калдыгы менен чылымдын,
Канатын күйгүз чымындын.
* * *
Уук берсең түндүк ал,
Тоок берсең үндүк ал.
* * *
Катының болсо иштерман,
Калбастыр такыр ичте арман.
* * *
Жүрсөң да монастрда,
Жүрөгүң – Манасты ырда.
* * *
Бул дүйнөдө өмүр сүрдүм кейиште,
А дүйнөдө чыгар бекем бейишке.
Ал эл арасында ушунчалык популярдуу акын болсо да, аны жанынан тааныгандар аз болчу. Айрымдар анын ушул эки саптарын жатка айтып жатып, жанында аларды көздөрүн бакырайтып, мыйыгынан күлүп тыңшап турган Дүйшөндү тааныбаганына далай күбө болдум.
Анан аларга “Ушул ыр саптардын автору мына” деп Дүйшөн Жапаровду көрсөтүп ишендире алчу эмессиң. Дүйшөн өзү болсо, андайда тырчычу эмес. Тескерисинче, жазгандары элдик ырларга айланып кеткенине компоюп турчу.
Ошентип, ал көзү тирүүсүндө классик акынга айланды. Бирок, жупкадай болсо да, ыр китебин чыгара албады. Китеби чыкпаган соң, жаңылбасам, Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө да өткөн жок. Союзга мүчө болбогон соң, сыйлык-наам албады.
Казак агайындар “Шамшы Калдаяковдун классикалык обондору ресторан ырчыларынын репертуарынан түшпөй ырдалып жатса да, өзү ресторанга кире албай, тышта турган мезгилдер болгон экен” деп калышат. Анысы кандай, Дүйшөндүн ырлары эл жүрөгүнөн түнөк тапканы менен, анын абалынан кабар алгандар болбоду.
Дүйшөн экөөбүз кошуна жашагандыктан, акын достору тууралуу кабарды менден укчу. Достору, аны тааныгандар да: “Дүйшөн кандай жүрөт, жолуксак, шашпай отуруп, бир кездегидей сүйлөшсөк болор эле”, деп калышчу. Ана-мына деп күндөр өтө берди.
Калемдештери Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаев, айрыкча Жолдошбек Зарлыкбеков каза болгондо кадимкидей кайгырды. Ыйлады. Жолдошбек байке каза болгондо, инсульт алып, жакшы сүйлөй албай, араң-араң басып калган учуру эле.
Дүйшөн Жапаров үчүн атбашылык бизнесмен жердештерине кирип, китебин чыгаруу, дурусураак үй-жай курууга жардам берүү тууралуу айтсамбы деп далай таптандым, далай толгондум. Бирок, ошончо ирет ал оюмдан кайттым. Дүйшөн кедей-кембагал жашаганы менен өтө намыскөй болчу. Ошончолук эле китебин чыгаргысы келсе, ал бизнесмен жердештерине кайрылгандан эч тартынмак эмес. Арийне, ал бул жолду тандап албады. Сыягы, атбашылык мыктылар өзү билип, китебин чыгарсын деди окшойт. Мен бир-эки жолу өзүнө айтсам, эч көңүлдөнбөдү. Кийин ооруп калган чагында:
“Туяк сынса тулаңы кепил болот,
Тузун таткан турпагы кепин болот.
Тууганынан айрылган жетим эмес,
Тууган жерден айрылган жетим болот.
Ай, Күн өчсө асманы кепил болот,
Ак кар тунган адыры кепин болот.
Атасынан айрылган жетим эмес,
Ата Журттан айрылган жетим болот.
Биз экөөбүз акындын башкасыбыз,
Бир дүйнөнүн кошулган ашташыбыз.
Билгендердин көзүнө кетер кезде,
Бир көрүнүп жок болчу ак казыбыз.
Күнөө болот жазам деп жазбашыбыз,
Күндөн ысык, желден курч максатыбыз.
Сен сарбагыш, мен черик болгон менен,
Ат-Башыбыз Дүйшөн биз, Ат-Башыбыз!”
– деп Дүйшөнгө арнап ыр жазган жердеш агасы, акын Шайлообек Дүйшеев “Жоголгон ырлар” деген китебин чыгарып берди.
Аскар МЕДЕТОВ, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты:
“Талант сыйлык, наам менен өлчөнбөйт”
Дүйшөн Жапаров 1980-жылдарда адабиятка келген муундун өкүлдөрүнүн бири. Билинбей жүрүп эле чоң чыгармачылык мурас калтырган акын. Дүйшөн акын катары да, адам катары да алкакка сыйчу эмес. Чет элдик адабияттан студенттердин баары күнү-түнү даярданып, баш оорутса, Дүйшөн ыр жазып жооп берген. Дүйнөлүк адабиятты ыры менен айтып койгон. Баарыбызды таң калтырган. Дүйшөн бардык жагынан өзгөчөлөнүп турчу. Чыныгы чыгармачылык менен жашады. Адабиятка сугарылган, көп окуган акын эле. Окуп эле тим болбой, терең түшүнчү. Аскерге барып, орус тилин мыкты үйрөнүп келген экен. Дүйшөн ырлары жазаар менен эле элге тарап кетчү “Дүйшөн саптар” болуп. Ооздон оозго көчүп айтылчу. Өз мезгилинде Мидиндин, Байдылданын ыр саптары да эл арасында кандай жат айтылса, анын ырлары дал ошентип жат айтылчу. Өзүнүн жумшак юмору менен, терең философиясы менен окурманды руханий жактан байыткан нукура адабияттын кенчи десек болот. Чыгарма эч качан наам, сыйлык менен бааланбайт. Дүйнөлүк адабияттын классиктери Дүйшөн сыяктуу жөнөкөй жашаган, көп арасында билинбей эле жүргөн. Бул китеби улуттук адабиятта өзгөчө орду бар китеп болот го деп ойлойм.
Эсенгул КЕМЕЛОВ, уулу: “Пушкин дагы төгүп жазган…”
Сегизинчи же тогузунчу класс болсом керек. Көп нерсени түшүнө элек курагым. “Евгений Онегинди” түшүнүп, түшүнбөй эле башынан аяк шатырата окуп, зериккен сайын улам-улам кайра башынан окуп жүрчүмүн. Төрт-беш жолу окудум окшойт. Эчтекеси жаккан жок. Андан көрө кара сөз менен жазылган “Капитанская дочкасы” кызыктуу экен деп ичимден ой жүгүртүп коём. Адабият жөнүндө атамдан башка сүйлөшө турган кишим жок.
– Пушкин “Евгений Онегинди” жети жыл жазыптыр, Токтогул жети саатта эле төгүп салмак болуш керек.
– Пушкин деле төгүп жазган.
– Анда эмне жети жыл жазган?
– Пушкин дагы төкмө акындардай эле төгүп жазган, – деп койду.
Атамдын бир мүнөзү бар болчу, кээде бирдемени түшүндүрөм деп убара болгусу келчү эмес. Эмнеге ушундай десең, ушундай болгон үчүн ушундай деп чекит коюп салчу. Андан ары сурагандын кажети жок болчу, урушуп салат же болду деп токтотуп коёт. Көңүлдөнө турган болсо укмуштуудай түшүндүрүп берет. Такай бир калыпта жүргөндүгүнөн кайсыл убакта көңүлү бар же маанайы жакшы экенин көп ажырата албай жүрдүм. Кийин мен чоңоюп ажыратып калганымда, атам ооруп сүйлөбөй калды (инсульттан кийин).
Аспирантурага окууга тапшырып, Омор Султанов менен кезигип көп сүйлөшүп калдым. Сүрөтүн тартайын деп биринчи эле жолуккан күнү үйүнө алып барып, алгачкы О.Султановдун этюдун үйүндө отуруп жазганбыз. Ошондон кийин үйүнө көп каттай баштадым.
Бир күнү отуруп “Чарчоонун жүзүнчү ыры” деген поэмасы жөнүндө кеп кылып калды:
“Чарчоонун жүзүнчү ыры” деген чыгармамды жазып атканда, кайдан-жайдан билбейм куюлуп эле келе берди. Келе эле берди, келе эле берди, мен жаза эле бердим. Күнү-түнү жазып аттым, уктабай жазган учурлар болду. Анан бир күнү токтойт, чарчайсың, келбей калат. Бирок, кайра бир күнү келип баштайт, дагы баягыдай күндүр-түндүр жазып киресиң. Мына ошондой болот, – деп айтканы эсте калган.
Мен муну азыр нака тубаса талант, ар бир адамга келе бербей турган табияттын тартуулаган өзгөчө касиети экен деп түшүндүм. Өзгөчө атамдын университетте окуп жүргөндөгү курсташтары менен ыр жазышып жүргөн дептерин таап алып, ошондогу төгүп жазгандагысына күбө болдум. Анан чындап Пушкин төгүп жазганына ынанып отуруп калдым.
Апам дагы айтып калды:
– Мындан жыйырма жылдай мурун, бир жолу 4-больницада турсак, атаңдын алысыраак тууганы жолугуп калып: “Байке, юбилейге бараттым эле, сизге кезигип калып ырас болбодубу, ыр жазып бербесеңиз болбойт, учурдан пайдаланып юбилейге ыр жаздыра кетейин”, – деди. Дүйшөн он, он беш мүнөттүн ичинде эле төрт-беш куплет жаза коюп колуна карматты. Тигил кудуңдап сүйүнгөн бойдон кеткен. Атаң кырк жашына чейин төгүп жазчу. Кийин антип жазганын көргөн жокмун.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”