Жакында социалдык тармактарда Нарындагы жаш мугалим Баян Осмоновдун үй-бүлөсү менен авариялык үйдө жашап жаткан видеосу чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да парламентте көтөрүп «Айылдардагы мектептердин мугалимдеринин 80%ы, айрым мектептерде 99%ы аялдар иштешет. Эркек мугалимдер мектепте иштебей калды. Мунун дагы терс жактары бар. Эркек мугалимдер көп болсо жакшы болмок. Андыктан аз убакыттын ичинде Баян Осмоновдун тагдырын 100 пайызга өзгөртүшүңөр керек. Министрлик кийлигишкенден кийин жашоо-шарты оңдолду деп чыгарсаңар башка мугалимдерге чоң стимул болот», — деп Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылды.
Биз Баян Осмоновдун өзүнө байланышып, бир катар суроолорубузга жооп алдык.
– Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Ата-энем биз окуучу кезде эки жолго түшкөндүктөн тайлар тарапта, Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылында чоңойгом. 2011-жылы мектепти аяктап, Нарын шаарындагы НМУнун тилдер бөлүмүндө кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырып, 2015-жылы аяктадым. Окуу жайды бүтүп, АКИпресс маалымат агенттигинде бир жарым жылга чукул штаттан сырткаркы кабарчы болуп эмгектендим. 2017-жылы Нарын районуна караштуу Орук-Там айылындагы Абышка Алсеитов атындагы орто мектебине жумушка кабыл алынып, ошондон бери ушул күнгө чейин эмгектенип келем. Учурда үй-бүлөм бар, 2 уулдун атасымын.
– Акыркы жылдары мугалимдик кесипти тандаган мырзалар азайып кетти. Сиздин мугалимдик кесипти тандооңузга эмне түрткү болду?
– Туура айтасыз. Билим берүү тармагында мырзалар өтө аз. Бул кесипти тандап калганымдын себеби, айылда окуп жүргөн кезде бизде кыргыз тили мугалимдери бат-баттан алмаша беришчү. Ошондон улам бир мугалимге көнүп калган кезде, кайра башкасы келип, аны менен тил табышканча, билимге болгон далалатыбызга үзгүлтүк жаралчу. Ошондон улам мектепти бүтсөм, кыргыз филология факультетине тапшырып, ийгиликтүү бүтүрүп, өз айылыма келип иштеп, окуучуларга татыктуу билим берем деп өзүмө сөз бергем.
Ошол максатыман тайбай, көксөгөн кесибиме тапшырып, бакалавр билимине ээ болдум. Учурда мугалим болуп эмгектенип жатам.
– Сиздин жашоо-шартыңыз боюнча маселени Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да парламентте көтөрүп жатат. Сиз менен жергиликтүү бийлик, билим берүү министрлигинен байланыштыбы?
– Айыл өкмөттөн комиссия келип кетти. Бирок эч кандай жыйынтыктуу ой айтышкан жок. Мындай айтканда, маселе чечилээр же чечилбеси азырынча белгисиз. Бирок кабар алып, чалып жолугушууга чакырып жаткандар бар. Бул нерсени баса белгилеп кетпесем болбос. Ата-энелер мектебинин негиздөөчүсү, белгилүү агайыбыз Гапыр Мадаминов Нарын облусунун Ак-Талаа районуна келген экен. Телефон чалып байланышып, “үйүңүзгө барып, жолуга кетели дедик эле”, – деди. Бирок жол алыс болгондуктан, жарым жолдон жолугушууга макулдаштык. Жолугушууда Гапыр агай жакшы ойлорун айтып баарлаштык.
Ошондой эле интеллект мектебинин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов агай (Гапыр агай менен чогуу экен) дагы жакшы пикирлерин айтып колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады. Бул жакка келип интервью алабыз, ток-шоу уюштурабыз дегендер дагы болуп жатат. Кандай жыйынтык болот, али белгисиз.
– Орук-Там айылындагы мектепте канча жылдан бери иштейсиз?
– Бул жакта иштеп жатканыма сегиз жыл болду. Видеодо көрсөтүлгөн үйдө батирде жашайм. Бул үйдө жашап жатканыбызга 3 жыл болду. Буга чейин мектепке жакын жерде, дүкөн катары салынган кичинекей 1 бөлмөдө жашадык. Анын дагы терезеси кичинекей, караңгы, ным тарткан үй эле.
– Айлык маянаңыз үй-бүлөнү багууга жетеби?
– Жетпейт. Мурункудан сааттарыбыз азайды. Анын үстүнө жол алыс болгондуктан, облустун борборуна барып келгенде эле бир топ каражатыбыз жолго кетет. Сааттарым 1 штатка чыкпагандыктан, учурда ушул эле мектепте 0.5 ставка менен сезондук от жагуучу болуп дагы иштеп жатам.
– Мектептерде агай мугалимдер көбүрөөк болсо дейбиз, бирок бул маселе чечилбей келет. Мырзаларыбызды мугалимдик кесипке кызыктыруу үчүн эмне кылуу керек?
– Менимче, кагаз иштеринин көптүгүнөн болсо керек. Кээ бир мырзалар аз эле иштеп, кагаз иштеринен тажап кайра жумуштан чыгып кеткендер да кездешет. Анын үстүнө окуучулар менен иштеше алган адам гана мугалим боло алат го деп ойлойм. Мугалимдик жөндөм дагы болушу шарт.
Анан, албетте айлык акыны жогорулатыш керек. Анткени эркек адамдар курулушта иштесе акчаны жакшы табышат. Аз айлык менен үй-бүлөсүн бага албайт. Азыркы учурда каражат жагы да жашоодо маанилүү болуп калбадыбы. Менде деле чет жакка иштеп кетүүгө жана башка мамлекеттик эмес жумуштарга иштөөгө мүмкүнчүлүктөр болгон. Бирок, алардан баш тартып, кесибим менен алектенип, ушул ишим менен ийгиликке жетем деген тилектерим бар.
– Маегиңизге ырахмат, сиздей мугалимдер көп болсун.
Редакциядан: Мектеп мугалимдеринин социалдык абалына каралашуу эң биринчи кезекте жергиликтүү бийликтин башкы милдети. Ошол эле учурда элге билим берүү мамлекеттин артыкчылыктуу саясаты экенин да эстен чыгарбасак. Бул мугалимди айыл ичинен дурусураак үй таап, киргизип коюу ушунчалык сөз кыла турган чоң маселе деле эмес эле. Анын үстүнө жаш балдары да бар экен. Кылычын алып кыш келсе, жашаган үй бул болсо? Андыктан Нарын райондук мамлекеттик администрациясы-акимчилиги, тиешелүү айыл өкмөтү бул маселеге кайдыгер карабайт деп ишенгибиз келет.
Наргиза КОЗУБАЕВА, «Кыргыз Туусу»