Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Кореянын президенти Садыр Жапаровго арналган расмий сый-тамак уюштурду

Президент Садыр Жапаров бүгүн Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун атынан уюштурулган расмий кабыл алууга катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн гимндерин аткаруу менен башталып, андан соң мамлекет башчылары саламдашуу сөздөрүн айтышты.

Президент Юн Сок Ёль бул сапар акыркы 11 жылдагы Кыргызстандын Президентинин биринчи сапары экенин айтып, тарыхый жана маданий баалуулуктардын жалпылыгын баса белгиледи.

“Тарыхый жактан алганда, биздин өлкөлөр байыркы алтай маданиятынын таасирине дуушар болушкан, натыйжада корей жана кыргыз тилдеринде окшош сөздөр көп, сүйлөмдөрдүн түзүлүшү бирдей. Биз улууларды урматтайбыз жана салттарды сыйлайбыз. Ушундай окшош маданиятты эске алуу менен ар түрдүү тармактарда, эң оболу экономикада тыгыз кызматташуубуз турган иш деп эсептейм”, – деп, Кореянын президенти бүгүнкү күндө Кыргызстан президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жаңы коомду куруп, реформа жолунда ишенимдүү бара жатканын кошумчалады.

Юн Сок Ёль Корея эл аралык коомчулук сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын жаңы секиригине көз салып турганын баса белгиледи.

“Күн сайын биздин өлкөлөрдүн жарандарынын кызыгуусу артууда. Борбордук Азиянын Альпы деп аталган Кыргыз Республикасы корейлер арасында сөзсүз баргысы келген өлкөгө айланды”, — деп белгиледи Корея лидери жана эки элдин ортосундагы тыгыз байланыштын негизинде Кыргызстан менен Корея ишенимдүү дос жана өнөктөш болоруна ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Корея тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу сүйлөшүүлөр өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө дем берерин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө тараптар эки элге пайда алып келе турган узак мөөнөттүү жана бекем мамилелерди курууга умтулуп, достуктун жана стратегиялык кызматташтыктын негиздерин бекемдеп жатканына токтолду.

“Кол коюлган эки тараптуу келишимдер, анын ичинде Биргелешкен Билдирүү биздин байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен ийгиликтерге умтулгандыгыбыздын ачык-айкын далили болуп саналат. Биз соода, инвестиция, билим берүү, маданият жана илим сыяктуу негизги тармактарда активдүү өз ара кызматташтабыз”, – деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал биздин элдерибиз бири-биринин каада-салттарын жигердүү изилдеп, баалап жатканына сыймыктанарын билдирди.

“Акыркы жылдары Кореяда окууну каалаган мектеп окуучулары менен студенттеринин саны өсүүдө, бул Сиздин өлкөңүздүн билим деңгээлинин жана илимий жетишкендиктеринин жогору экендигин билдирет”, — деп президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн мамилелери мындан ары да ар тараптуу өнөктөштүк жана өз ара түшүнүшүү духунда өнүгүп, жаңы жетишкендиктерге алып келээрине ишеним билдирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар