Бишкекте Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги 12-жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов баштаган делегациялар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров быйылкы жылы эки мамлекеттин ортосунда жетишилген негизги макулдашууларга токтолду. Анын ичинде союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга жана эксплуатациялоого даярдык көрүү жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, Казакстан тарапка пайдаланууга берилген Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын маселелерин жөнгө салууга жетишилди.
Ал быйылкы жылы өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоого салым кошконуна ишеним билдирди.
Акылбек Жапаров 2019-жылдан 2023-жылга чейин өз ара сооданын көлөмү жыл сайын өсүп жатканын, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 38%га, анын ичинде экспорт 30%га, импорт 42%га өскөнүн белгиледи. Бул цифралар эки тараптуу сооданы системалуу түрдө жогорулатуу үчүн чоң потенциалды ырастап турат.
«Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчылары 2030-жылга чейин өз ара сооданын көлөмүн 3 млрд долларга жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн өнөр жай кооперациясынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн табуу, сооданын альтернативдүү формаларын, анын ичинде электрондук коммерцияны түзүү, эки тарапка тең пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү, соодадагы болгон тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле товарлардын эркин кыймылын толук камсыз кылуу жана Кыргыз-казак чек арасындагы абалдын туруктуулугун сактоо», — деди ал.
Бул контекстте тараптар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин, Таш-Көмүрдөгү ферросплав заводун, күн электр станцияларын, жана Алматы областында жашылча-жемиштерди сактоочу логистикалык кампаны куруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн тыкыр талкуулашканын белгилей кетүү керек.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана чек арадагы көпүрөлөрдүн абалын биргелешип текшерүү аркылуу жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар татаал маселелердин үстүндө иштөө боюнча макулдашууларга жетишилди.
Министрлер Кабинетинин төрагасы ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо транспорттук инфраструктуранын негизги ролун белгиледи. Бул багытта Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан эң маанилүү долбоорлордун бири – Алматы-Бишкек экономикалык коридору (АБЕК).
«Бул жерде мен Алматы-Бишкек экономикалык коридорунун айрым долбоорлорунун биздин өлкөлөрдүн экономикасы үчүн да, бизнес жана калкыбыз үчүн да, тактап айтканда альтернативалык Алматы-Ысык-Көл автожолунун курулушунун маанисин белгилегим келет. Ушул жана башка маселелерди тар чөйрөдө өткөн жыйында кеңири талкуулап, алар боюнча тиешелүү тапшырмаларды бердик. Биргелешкен күч-аракет менен бардык жетишилген макулдашуулар ишке ашат жана ошону менен кыргыз-казак мамилелеринин жаркын келечегин камсыз кылууга салым кошобуз деп ишенем”, — деди Акылбек Жапаров.
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, өз кезегинде, мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаровдун биргелешкен аракеттеринин аркасында акыркы жылдары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү чоң ийгиликтерге жетишкенин жана мындан ары да чыңдалып бара жатканын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө кеңештин мүчөлөрүнүн отчеттору, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуковдун баяндамасы угулду.
Иш-чаранын катышуучулары кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулап, ошондой эле актуалдуу маселелерди чечүүнүн жолдорун аныкташты.