Вторник, 24 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Шайлануу укугу: ашкере пайдаланган жокпузбу?

Соңку 33 жылда шайлоолор жана референдумдар Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды. 2021-жылдан бери эле өлкөдө 18 шайлоо өнөктүгү өтүп, аны уюштурууга бюджеттен 2,5 млрд. сом чыгымдалыптыр. Шайлоо – демократиялык институт, шайлоого жана шайла-нууга ар бир жарандын укугу бар.

Арийне, мына ошол Конституцияда жазылган укуктарыбыздан кандай пайдаланып жатабыз? Улам жыл өткөн сайын жарандарыбыз шайлоого болгон укугуна кайдыгер карап бараткандай. Буга шайлоо участкаларына келип, өзүнүн тандоосун билдирип, жарандык милдеттерин аткарган шайлоочулар азайып баратканы айгине. 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо да шайлоочулардын шайлоо участкаларына келүүсү болгону 28,8%ды түздү. Бул орто эсеп менен алганда. Ал эми шаарларда шайлоочулардын 24,94%ы добуш берсе, элеттиктердин 31,28%ы өз тандоосун билдирди.

Өзгөчө Бишкек шаарында шайлоочулар шайлоого аз катышат. Бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бишкектик шайлоочулардын катарына өзгөндүк шайлоочулар да кошулду. Маалыматтарга караганда, соңку төрт жылдын аралыгында эле жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго шайлоочулардын келип-кетүүсү 10,23%га төмөндөгөн.

Эмнеге мындай? Шайлоочулардын шайлоого болгон кайдыгер мамилесин эмне менен түшүндүрсө болот? Шайлоонун жыйынтыктарына болгон ишеничтин жоктугубу? Баягыдай эле бюллетендер пачкалап ташталып, БШК өз каалаган жыйынтыгын чыгарып алат деген ойдон уламбы?

Азыр антип арсар болууга эч негиз жок. Шайлоо процесси автоматташтырылган. Паспортуңду көрсөтүп, бармагыңды басканда гана сенин атыңа жазылган шайлоо бюллетенин ала аласың, демек, бүгүн сенин ордуңа башка бирөө добуш бере албайт жана бюллетендер пачкалап ташталбасын бөркүңдөй көрсөң болот.

Андай болсо, шайлоочулардын шайлоого аз катышканынын себеби эмнеде? Балким, бул шайлоочулардын шайлоо укугу менен эмес, шайлануу укугун ашкере пайдалангандардан улам болуп жүрбөсүн. Анда факт менен айталы. Айталы, Токмок шаардык кеңешине “Эл биримдиги” партия-сы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин үч жакын адамы: жубайы Назгүл Мааткеримова, кызы Жанара Саккараева, кудасы Тынайбек Сансызбаев өтсө, төртүнчү бир жакыны Анарбек Маликов “Ынтымак” аркылуу депутат шайланыптыр.

Албетте, кимди депутат шайлайт бул Токмок шаарынын шайлоочуларынын укугу, биз алардын тандоосун сыйлайбыз жана жергиликтүү кеңешке депутаттыкка шайланган Саккараевдердин үй-бүлө мүчөлөрүн куттуктайбыз. Бирок, бул коңгуроо кага турган нерсе.

Эмне үчүн дегенде, ошол эле “Эл биримдиги” аркылуу Саккараевдин бир туугандары Эркегүл, Айнагүл жана Чынаркүл Саккараевалар жана балдары Эльдана жана Жапаркул Саккараевдер да депутаттыкка ат салышты.

Албетте, буга көз жумсак, айтпай деле койсок болмок. Бирок, саясий маданият деген маселе бар да. Мейли, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жөнүндө мыйзамда партиялык тизме боюнча бир үй-бүлөдөн канча киши шайлоого катышышы керектиги каралбаптыр дейли. Анткен менен, мыйзамдан да алда канча көөнө, жазылбаган мыйзам – ыйман, ынсап, абийир маселеси бар эмеспи.

Анча болду, алар партиянын атын “Эл биримдиги” деп “кой терисин” жабышпай, “Саккараевдер партиясы” деп койсо болмок го.

Чындыгында, бул бир эле “Эл биримдиги” партиялык тизмесине тиешелүү маселе эмес, андай маселе жергиликтүү кеңештерге катышкан дээрлик ар бир партияда бар.

Экинчи бир маселе жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышкан саясий партиянын артында баягы эле саясатчылардын, же болбосо бизнес өкүлдөрүнүн балдары, урук-туугандары турганын көрдүк. Чындыгында, бул да ойлонтчу маселе. Себеби, бул тенденция буга чейин эле, 2018-жылдагы шайлоолордо да даана байкалган. Шайлоочулардын шайлоого аз катышып, өз тандоосун билдиргиси келбей жатканынын бир себеби да ушул факторлордо болушу мүмкүн. Анткени, алар да шайлоо укугунан эле эмес, шайлануу укугунан да пайдалангысы келет. А шайланайын десе, тизмеде кедей-кембагалдарга орун табылбаса, жалаң байлар менен эски саясатчылардын балдары, неберелери шайлоого аттанган шайлоого барып эмне кылам деген ой жаралышы толук ыктымал эмеспи.

Кандай болгондо да, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор шайлоо жөнүндө мыйзамдарга алымча-кошумчалар, түзө­түүлөр керек экендигин көрсөттү. Жогорку Кеңеш жакынкы арада муну эске алат деген ойдобуз.

Белгилүү болгондой, кийинки шайлоолордо “Мекенчил” партиясы шайлоолорго катышкан жок. Президент Садыр Жапаров 16-октябрда, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында кайрылуу жасап, бийлик шайлоого кийлигишпей турганын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна “Ата-Журт “ партиясы катышпай турганын, өзү бийликте турганда “Ата-Журтту” шайлоолорго катыштырбастыгын билдирген. Алардын бул кадамдарын саясий маданияттын үлгүсү катары белгилеп койсок болот.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
«Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар