whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБилим берүү министрлиги Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган наристенин окуясы боюнча комментарий...

Билим берүү министрлиги Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган наристенин окуясы боюнча комментарий берди

Билим берүү министрлиги Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган 5 жашар наристенин окуясы боюнча комментарий берди.

Окуя 22-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы № 4 «Сокулук Алтын Балалык» бала бакчасында болгон.

Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

“Министрлик окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзгөн. Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган. Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, саналуу күн мурда социалдык тармактарда жана бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Сокулук районундагы бала бакчада беш жашар чарчап калгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Ата-энесинин айтымында, соттук-медициналык экспертизада «кыз кусундусуна какап калган» деген жыйынтык чыккан. Ошондой эле кыздын кара куш мээсинде уюган кан бар экени, ал наристе тирүү кезинде аз убакыт мурда пайда болушу мүмкүн экени да белгиленген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар