whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
33.3 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Караколдогу жаңыланып оңдолгон аскер бөлүгүнө барды

Садыр Жапаров Караколдогу жаңыланып оңдолгон аскер бөлүгүнө барды

Садыр Жапаров Караколдогу жаңыланып оңдолгон аскер бөлүгүнө барып, чек арачыларга 30 жол тандабас тапшырды.

Чек ара кызматынын 1962-жылы түптөлгөн Кыдыр Байсары уулу аке атындагы №2028 аскер бөлүгү буга чейин бир да жолу оңдолгон эмес. Быйыл жазында өлкө башчы ал жакты оңдоп-түзөөнү тапшырганын айтып, чек ара коопсуздугун чыңдоого артыкчылык берилип жатканын белгилеген.

Президент чек арачыларга 50 млн сомдон ашык акчага алынган JAC үлгүсүндөгү жол тандабастарды тапшырды. Жарым жыл мурда ушундай эле үлгүдөгү 25 автоунаа берилген.

Садыр Жапаров жаңыланган бөлүктүн инфраструктурасы менен таанышып, капиталдык оңдоодон өткөн имараттарды, аскер кызматкерлеринин жашоо шарттарын, ошондой эле материалдык-техникалык базасын көрүп чыкты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар