Жаңы жылдан кийин Жалал-Абаддагы аэропорттун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн “Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземинде билдирди.
“Биздин авиация тармагыбыз бутуна туруу, өнүгүү этаптарын ийгиликтүү өтүп жатат. Өлкөбүздө туруктуулук, коомубузда ынтымак өкүм сүрүп, элибиздин колдоосу болуп турса, албетте, көздөгөн максаттарыбызды ишке ашырабыз”, — деди президент.