Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Эдил Байсалов: «Бийлик абанын булганышынын деңгээлин минималдаштырууга бардык чараларды көрүп жатат»

«Ыш дагы сасык тумоонун сезондук эпидемиясындай эле жыл сайын пайда болот» -деген министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бир катар маселелерге токтолду.

«Өткөн үч жылдын ичинде Борбор калаанын ЖЭБин атмосферага зыяндуу заттарды чыгаруунун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган бир катар иш-чаралар аткарылды. Эки жылдын ичинде шаарларда жана жаңы конуштарда газификация жүргүзүлдү, бул атмосфералык көрсөткүчтөрдүн деңгээлине жакшы таасирин тийгизди.

Бүгүнкү күндө таштандыларды кайра иштетүү жана шаардын таштанды таштоочу жайын кыскартуу боюнча долбоорду ишке ашыруу дээрлик аяктады. Бирок шаардагы абанын булганышынын дагы бир фактору — унаалардын газдары. Тилекке каршы, өлкөдө көпчүлүк унааларда керектүү жабдуулары жана катализаторлору жок. КР министрлер кабинети борбор калаанын мэриясына катализаторлорду унааларга массалык түрдө орнотуу үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү тапшырды. Ошол эле учурда катализаторлордун баасы 70-100 доллардан ашпасын деген тапшырма коюлду», — деди Байсалов.

Төраганын орун басарынын айтымында, өлкөнүн аткаруу бийлиги шаарлардын абасынын булганышынын деңгээлин минималдаштыруу маселесин чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар