whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Улуу Британиянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Улуу Британиянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Британиянын экспорттук-кредиттик агенттиги (UKEF) аркылуу Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан өнүктүрүү жана бизнес долбоорлоруна Кыргызстанга жакында бөлүнүп берилген 1,8 мдрд фунт стерлинг өлчөмүндөгү айыл чарба, тоо-кен, курулуш жана башка багыттарда атаандашууга жөндөмдүү ставкалар боюнча биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргыз-британ күн тартибиндеги экология, климат, миграция жана критикалык минералдар тармагындагы кызматташуу сыяктуу башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда да, Улуу Британияда да жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды колдоо жана инвестициялык форумдарды өткөрүү боюнча биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар