Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Кесиптештерибизди куттуктайбыз!

«Интерньюстун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кесипкөй журналистика жаатында жыл сайын уюштуруп келе жаткан “Умтулуу-2024” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.

«Интерньюстун» маалыматына караганда, быйыл жалпы 195 эмгек келип түшкөн. Алардын 93ү кыргыз тилинде болсо, 102си орус тилинде болгон. Жыйынтыгында, “Коомдук кызыкчылык”, “Тынчтык жана ынтымак”, “Балалыкты коргоо”, “Айлана-чөйрөнү коргоо”, “Маданият жана агартуу”, “Аракетчил инсан” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.

Ар бир номинация боюнча үч орундун жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылган. Толук тизме менен бул шилтемеден тааныша аласыздар.

Эске сала кетсек, “Умтулуу” медиа сынагы 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет. Максаты өлкөдөгү медиа кызматкерлеринин, журналисттердин жана кесипкөй журналисттик контенттердин авторлорунун кесипкөйлүгүн алкоо, алардын аудитория алдындагы жана жалпы коом алдындагы жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле Кыргызстандын маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү болуп эсептелет.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар