Кайсы жылы экени так эсимде жок, айтор Билим, илим министрлиги менен маданият министрлиги бириктирилип, андан мурдараак маданият министри болуп иштеп жаткан Чолпонбек Базарбаев эми министрдин орун басары болуп иштеп жаткан убак эле.
Министр кызматтан кетип, анын ордуна башка бирөө келет экен деп, министрликтин жыйындар залына башкармалык жетекчилери, кызматкерлер жана журналисттер жыйылып күтүп калдык. Баарынын жүздөрүндө “жаңы министр ким болот болду экен?” деген зааркануу бар эле. Бир маалда кабылдамадан келишип, Өкмөттөн келчү киши кечигип жатканын айтып, эч жакка тарабай күтө туруубузду өтүнүп кетти. Залдагылардын жүзүндөгү санаркоо дагы да коюуланды. Аңгыча эшик ачылып, күлө баккан Чолпонбек Базарбаев кирди. “Саламатсыздарбы”, – деп өтө жылуу учурашты да, “Коллегалар, мен жаңы эле кабылдамадан чыктым. Ал жакта да сиздер сыяктуу эле чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бул жакта зеригип күтүп калышкандыр деп, бул жакка бастым. Эгер каршы болбосоңуздар, мен сиздерге турмушта болгон, өз башымдан өткөн күлкүлүү окуялардан айтып берейин”, –деп кызыктуу окуялардан айтып, баягы кара булутка окшоп санаа баскан залдагы маанайды шаңга айландырып ийди. Баятан бери чытылган кабактар ачылып, мостойгон жүздөрдө күлкү пайда
болду.
Көрсө, жарык адамдар качан да болбосун, кандай жагымсыз кырдаалда болбосун, айланасын андан да жаркыратып иет турбайбы. Жаңылбасам, ал жаңы министр келгенден көп убакыт өтпөй орун басарлык кызматынан кетти. Андан кийин
эмне кызмат беришкени эсимде жок, 2001-2002-жылдарда кайрадан Кыргыз мамлекеттик академиялык А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору жана көркөм жетекчиси болуп иштеди. Ал буга чейин бул кызматта 1991-1993-жылдарда иштеп, 1993-1996-жылдарда маданият минис-три болуп иштеген болчу.
Айтор, ал министрлик кызматта иштейби, же башкы директорлук милдетти аткарабы, же кызматы жок бош жүргөндө болобу, сыртынан өтө олуттуу жана сүрдүү көрүнгөн менен жан дүйнөсү булуттан чыккан күнгө окшоп жаркылдаган, улуу-кичүүгө бирдей мамиле жасаган, адамды кабак-кашынан бир карап эле түшүнүп койгон, ошого жараша астейдил мамиле жасап, аяр сүйлөгөн, мүмкүн болушунча кишинин көңүлүн калтырып албаганга аракет кылган, ары шайдоот, жароокер жан эле.
Ага атак-даңк, сый абдан эрте келди. Анын биографиясындагы маалыматтарына таянсак, Чолпонбек Базарбаев 10 жашында Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык училищеге тапшырып, окуусун аяктай электе эле 1966-жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти болуп ишке алынат. 1967-жылы окуусун аяктаган соң, 1967-1968-жылдары Москвадагы хореографиялык окуу жайынан билимин өркүндөтүп, Чоң театрдын педагогдору Варламов менен Никоноровдон сабак алат. Ал жактан көптү үйрөнүп келип, тубаса таланттуу Чолпонбек балет труппасынын көзгө басар солисттеринин бирине айланат. Ошентип, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын ошол кездеги дагы бир таланттуу жаш солис-ти Айсулуу Токомбаева экөөнүн жылдызы бир жанат. Экөө сценадагы ажырагыс өнөктөш болуп калат.
Чолпонбек Базарбаев 1976-жылы К.Молдобасановдун “Саманчынын жолу”, А.Хачатуряндын “Спартак”, А.Адандын “Жизель” балеттериндеги башкы партияларды аткаргандыгы үчүн Кыргыз ССРинин адабият жана искусство тармагындагы Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болсо, Айсулуу Токомбаева К.Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет спектаклинде аткарган партиясы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Айсулуу Токомбаева Кыргыз ССРинин эл артистигин 1975-жылы, СССРдин эл артистигин 1981-жылы алса, Чолпонбек Базарбаев 1974-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген эл артистигин, 1979-жылы Кыргыз ССР эл артистигин, 1982-жылы СССРдин эл артис-тигин алган. Айырмасы Айсулуу Токомбаева СССРдин эл артистигин алганда 34 жашта болсо, Чолпонбек Базарбаев 33 жашта болгон.
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр режиссеру Аманбек Жапаров Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев экөө 1966-жылдан баштап, 1987-жылга чейин опера жана балет театрында бирге бийлешип, акыркы гастролу Филиппиндин борбору Манилада австриялык композитор Людвиг Минкустун “Баядерка” спектаклин бийлөө менен аяктаганын айта келип, ошол маектешүүдө таланттуу бийчи Чолпонбек Базарбаев балет өнөрүндөгү зор чеберчиликке, атак-даңкка талыбаган эмгеги, өжөрлүгү менен жеткени тууралуу: “Чолпонбек менен кармашкан колубуз чыгармачылык жана турмуштук жолубузда бир болду. Чындыгында эле сахнада мен ага алаканымды сунуп, анын алаканы колума тийгенде ортодогу энергия экөөбүздүн жүрөгүбүзгө орноп, ошол касиетти көрөрмандарга тартуулачубуз.
Мен анын сахнадагы өнөктөшү эле эмес, үй-бүлөлүк досу катары дагы жашоодо бири-бирибизге жөлөк элек. Чолпонбек өтө эмгекчил болчу. Бий дегенде жанын дагы аячу эмес. Ал репетиция кылганда алка-шалка тер кетип, Ballon, Ballote, Entrechat деген кыймылдарды тынбай кайталап, оор партияларды аткарганга жетишкен. Анын артистиги дагы күчтүү эле. Ар бир образдын кулк-мүнөзүн укмуштуудай чебер аткаруучу”, – деп сценадагы өнөктөшүн өтө жылуу эскергенин жазганы бар.
Ооба, анын эрте жетилип, өжөрлүк менен эмгектенишине турмуш өзү себепкер болгондой. Бийчи Чолпонбек Базарбаев мына эми гана жылдызы жанып келатканда, 19 жашында атасынан айрылып, апасы беш бала менен жалгыз калган. Үйдүн улуусу болгондуктан, ага өзүнөн кийинки бир туугандарына ата ордуна ата болууга туура келген. Бир туугандарынын баарын шаарда окутуп, жашоодо өз ордун табуусуна жасаган агалык камкордугунун бир үзүмүн эле айта кетели. Ал бир туугандарына ушунчалык кайрымдуу болгонун ушундан билиңиз, анын чакан батирине өз бир туугандарынан тышкары жакын туугандар, таяке-жээн, бөлө, айылдагы кошуна-колоңдордун балдары болуп, 16-17 киши батып кетчү экен. Аны тааныгандардын баары түз эле анын үйүнө келчү дешет.
КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, иниси Кудайберген Базарбаев маектеринин биринде агасы тууралуу: “Тээ, 1958-жылдары алыскы Ат-Башыдан чыккан чыканактай бала кыргыз улуттук балет өнөрүнүн жылдызы болуп жанат деп ким ойлоптур. Ал убакта жаш таланттарды издеп айыл-айылдарды кыдырышчу экен. Биздин айылга келип, он жаштагы Чолпонбек агамды да бийлетип, ийкемдүү денесин, кооз кыймыл-аракетин, музыканы сезе билгенин, ошого жараша кооз кыймыл жасай алганын жактырып калышат. Ата-энебиз кичинекей баласын алыскы Фрунзеге жиберүүнү каалабаптыр. Бирок, жаш Чолпонбек сынына толгон Гүлбара Даниярова кийинки жылы кайрылып келип, аны өзү менен кошо ала келет. Ошентип, ал балетти сүйүп калды, бул кайталангыс өнөр анын жашоосуна айланды. Ал самолетко кечигип калышы мүмкүн эле, а сценага эч качан кечикчү эмес.
Ал бир туугандарына эмгекчилдиги, беттеген максатынан тайбаган өжөрлүгү, изденгичтиги менен үлгү болду. Ушунчалык көп окуур эле, ушунчалык көптү билчү. Ошол алган билими жана тапкычтыгы, изденгичтиги укмуштуудай образдарды жаратууда ага жардам бергени талашсыз.
Ал сценадан кеткенде да, министр болуп турганда да, качан болбосун, кыргыз балетин сактап калуу үчүн, артисттер үчүн күрөштү, меценаттарды издеди. Анын өмүрү бүтүндөй күрөш менен өттү.
1990-жылдардын башында азербайжандык кесиптеши Полад Булбул оглу менен бирдикте ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюмун түзүүнү демилгелеген.
Бүгүн ал уюм иштеп, түрк тилдүү элдердин маданиятын жана искусствосун көтөрүүдө ийгиликтүү иштеп жатат”, – деп эскергени бар.
Чындыгында эле, ал балет өнөрү анын жашоосунун маңызы экенин көрө билгендей, турмушта да, асыресе мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө да келечектүү чечимдерди кабыл ала билип, түбөлүктүү идеяларды демилгелей алганы чындык.
Эгер 25 жылдык сценадагы өмүрүнө келсек, бул жылдар аралыгында Чолпонбек Базарбаев дүйнөлүк балет классиктеринин спектаклдеринде отуздан ашуун башкы ролдорду аткарды. Ал СССРдин аймагынан тышкары АКШ, Кытай, Япония, Франция, Түркия, Швейцария, Дания жана башка көп мамлекеттеринде гастролдо болуп, дүйнөнүн көп шаарларында ага кол чабышты. Эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдарга катышып, кыргыз балетин дүйнө жүзүнө таанытты жана ошону менен бирге улуттук балет өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салымын кошту.
Ии баса, анын турмушунда таланты бийик бааланган көп учурлар болгон. 1976-жылы жаш артисттердин Минскиде өткөн бүткүл союздук фестивалында классикалык балет боюнча эң мыкты аткаруучулардын катарына кирген. Кийин, кайсы жылдары экени белгисиз Айсулуу Токомбаева экөө Манила шаарына чакырылып, ал жактан “Баядерка” балетинин баш ролун аткарышып, Манила шаарында калып иштөөгө сунуш түшкөн экен.
Ч.Базарбаев “Жизелде” (А.Адан) Альберттин, “Ак куу көлүндө” (П.Чайковский) Зигфриддин, “Спартакта” (А.Хачатурян) Спартактын, “Чолпондо” (М.Раухвергер) Нурдиндин, “Бахчисарай фонтанында” (Б.Асафьев) Вацлавдын, “Шопениа-
нада (Ф.Шопен) жигиттин, “Баядеркада” (Л.Минкус) Солордун, “Макбетте” (Молчанов) Макбеттин, “Өл-бөстүктө” (Н.Нурымов) Чолпонбайдын жана башкалардын образдарын
жараткан.
Биздин Кант шаарында төрөлгөн, учурда РФ Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, РФтин экс-маданият министри, көрүнүктүү советтик жана россиялык искусство таануучу Михаил Швыдкой Чолпонбек Базарбаевди “Күндүн нурундай жанган кайталангыс талант эле” деп тамшана кеп кылып, “Бийдин Кудайы” деп жогорку баасын берген.
Ал бийдин гана генийи эмес, жа-роокер жолдош, камкор ата да болгон. Ал өмүрлүк жубайын окуу жайда окуп жүргөндө таап, түпкүлүгү тувалык Надежда Базарбаева экөө 20 жашында баш кошуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы тарбиялап
өстүрүшкөн.
Мындан бир топ жыл илгери эженин колунан чай ичип, Чолпонбек Базарбаев тууралуу сүйлөшкөнүбүздө, ал жолдошунун бийик адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, эч качан кабагым-кашым дебей жайдары жүргөнү, ал кай жерге барбасын, ал жерди шаңга айлантып, бүркөлгөн кабактарды ачтырып, майрамга айлантып жибергени тууралуу өзгөчө жылуу эскергени эсимде.
Достору да анын досчулукка бекем болгонун, өзү залкар талант болсо да, ушунчалык кичипейилдигин, ар биринин жан дүйнөсүн козгоп жакшылыктарга, жакшы иштерге шыктандырып турганын эскеришет.
Ал чындыгында эле эстей жүрө тургандай адамгерчилиги бийик инсан, кайталангыс талант эле…
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”