Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Ипотека – куру кыял эмес, реалдуу мүмкүнчүлүк

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак-жай комплексин ачты.

Мамлекет башчысы салтанаттуу ачылышта азыркы тапта республика боюнча турак-жай алуу кезегине 40 миңден ашуун, же болбосо бир орто райондун калкынын санына тете жаран катталганын белгилеп, муктаждарга турак-жай куруп берүү максатында мамлекеттик деңгээлде ири курулуш долбоорлору башталганына басым жасады. Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылуу максатын көздөп жатканын айтты. Жакынкы күндөрдө мурдагы №47 колониянын ордуна курулуп жаткан турак жай долбоорунун алгачкы этабы ийгиликтүү аяктала турган болду. Мурда мамлекеттик ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилип, мындай жагдайда өлкөдө турак-жай фондунун тартыштыгы алардын бааларынын кескин өсүшүнө алып келгени анык. Эми мамлекет турак-жай фондун кеңейтип, көп кабаттуу үйлөрдү салууга киришип, ошол аракеттин алгачкы үзүрү көрүлө баштаганына токтолду. Мындай масштабдуу долбоорлор мамлекеттин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, курулуш үчүн олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнө баштады. Мындан тышкары, эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу менен курулуш иштерин тездетүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Маселен, Константин Скрябин көчөсүндөгү 7 блоктон турган бул көп кабаттуу турак-жай комплекси 2023-жылы салынып башталган. Анын ар бири 15 кабаттан болуп, жалпысы 549 батир курулду. Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана ошондой эле курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарга жана башка жарандарга берилмекчи. Ал 50% өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак-жай курууну тездетүүгө бир топ эле көмөкчү болору шексиз. Президент эми кезекте турган жарандар мурдагыдай 10 жыл күтпөй турганын белгиледи. Алар жакын арада батирлерин ала алышат.

Президент аргасыз чет өлкөгө кетип же батир ижарасын төлөп жүргөн Кыргызстандагы бир дагы үй-бүлө үйсүз калбашы керектигин белгилеп, ар бир үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылуу максаты жакын арада толук ишке ашарына ишендирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар