“Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, республиканын жогорку окуу жайларынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендия тапшыруу аземинде белгиледи.
Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:
“Урматтуу студенттер, жалындуу жаштар! Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары!
“Кыргызстандын жаркын келечеги – биздин жаштарыбыз!” деп, жаштарга, айрыкча, жогорку окуу жайларда окуп, билим алып жаткан студенттерге абдан чоң үмүт артып келебиз.
Себеби университет – гүлгүн курактагы жаштарга тандаган кесиби боюнча терең билим берип, ар тараптан такшалтып, таптап чыгара турган универсалдуу билим уясы. Жогорку окуу жайлардан өзүн да, өлкөсүн да өнүктүрүүгө дилгир жаштар чыгат деген ишеничибиз чоң!
Бүгүн мен дал ушундай өзүнүн келечеги менен мамлекетинин эртеңкисине ишенген, анын өнүгүүсүнө салым кошсом деп, татыктуу билим алып жаткан жалындуу жаштар – мыкты студенттер менен жолугушуп, аларга окуудагы, илимий жана чыгармачыл чөйрөдөгү мыкты жетишкендиктери үчүн Президенттик стипендияларды тапшыруу иш-чарасында турганыма абдан кубанычтамын.
Урматтуу студенттер!
Биз бүгүн бул жерге силердин ийгиликтериңерди жана терең билимге болгон умтулууңарды белгилөө үчүн чогулуп олтурабыз.
Өзүңөр жакшы билгендей, президенттик стипендия бул жөн эле сыйлык эмес. Бул – тигил же бул тармактын кесипкөй адиси болууга жан үрөп, алдына бийик максаттарды койгон студенттердин эмгегин баалоонун, дараметин колдоонун, талантын ачууга шык-дем берүүнүн белгиси!
Биз силердин билимиңерди баалоо менен өлкөбүздүн келечегине инвестиция кылып жатабыз деп эсептейбиз. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт.
Мен билимге болгон каалоосу күч, өз көз карашы бар, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган, ар-намыстуу, мекенчил жаштардан көптү күтөм.
Силердин окуу жайларыңардан алып жаткан билимиңер келечекте көптөгөн ийгиликтердин эшигин ачат. Ооба, ийгиликке жетүү оңой эмес, ийгиликтин жолу татаал сыноолор, кыйынчылыктар менен коштолот. Бирок ошол сыноолор менен кыйынчылыктар силердин кайратыңарды бүлөп, эркиңерди бекемдейт, акылыңарды курчутат.
Бүгүнкү жолугушуунун урматтуу катышуучулары! Кымбаттуу студенттер!
Жалпы журтубуз Кыргызстандын азыркы мекенчил жаштары жаңы-жаңы демилгелери менен коомубузду жакшы жакка өзгөртөт деп үмүт артып турат.
Мамлекеттен ар тараптуу колдоо болуп турса, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда эл аралык айдыңда дүйнө тааныган жаштарыбыз өлкөбүздүн алдыга жылуу ыргагын ыкчамдатат деп ишенем.
Анткени учурда мамлекетибиздин өнүгүүсүндө креативдүү идеяларга муктаждык күч.
Биз силердей жалындуу жаштык менен билим жаатында ийгилик жаратууну тең алып бараткан жаштардын арбын болушу үчүн заман агымынан артта калбагандай шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Эки жыл мурун 5 жогорку окуу жайдын ишмердигин баалап, аларга академиялык жана каржылык өзгөчө макам ыйгарган элек. Ал өз натыйжасын берип, бул окуу жайлардын иштери өндүрүшкө, инвестициялык нукка бурулду.
Биринде клиника салынып жатса, экинчисинде компьютердик технология, дагы башкасында биотехнологиялык лаборатория иштей баштады. Иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуу жолго салынды. Мындан улам, жакында дагы 6 университетке ушундай макам бердик.
Мындан сырткары, билимдин, илимдин артынан түшөм деген келечектүү жаштарга көмөк көрсөтүү максатында дүйнөнүн 100 мыкты жогорку окуу жайынан магистратурасын жана PhD докторантурасын улантуусу үчүн 50 миң АКШ долларына чейинки “Эл үмүтү” президенттик стипендиясы уюштурулду. Үч жылдан бери татыктуу делген 39 студентке стипендия берилгенин жакшы билесиңер.
Ошондой эле аспиранттарга жана докторанттарга илим изилдөө жаатында дагы мамлекеттик сый акы ыйгаруу маселеси колго алынды. Сый акы кыргыз илимин жана техникасын дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгарууга, экономиканы жана социалдык чөйрөнү инновациялык нукта өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоону камсыз кылуучу прогрессивдүү технологиялардын үлгүлөрүн иштеп чыгууга олуттуу салым кошкон жана башка жаңы табылгаларга, илимий изилдөөлөргө ыйгарыларын эсиңиздерге сала кетейин.
Мына ушул жерде прогрессивдүү технологиялардын үлгүлөрү деп айтып калбадыкпы. Мен кечээ жакында эле Европанын өнүккөн өлкөлөрү Австрия жана Германия мамлекеттерине расмий иш сапар менен барып келдим. Дегеле бир топ өнүккөн өлкөлөр менен алакаларыбызды арттыруу багытында иш сапарларда болдум.
Алардын кайсы тармакта болбосун, өнүгүүсүнө күбө болуп, бир эсе суктандым, бир эсе биз бул деңгээлге качан жетебиз деп арданганымды жашырбай айта кетейин. Бирок, бүгүн силердин көзүңөрдү карап туруп, мындай өнүгүү жаатындагы ийгиликтерди биздин жаштарыбыз деле жаратат деген ишеничим дагы күчөдү.
Силердей жаштарыбыз турганда Кыргызстандын жылдызы жакынкы жылдары жанат, буюрса!
Урматтуу жаштар!
Бүгүнкү жагымдуу маанайдагы иш-чарабыздан пайдаланып, студенттерге жаңы Кыргызстанды куруу үчүн келечекке ишеним менен кароого түрткү берген, кесибине кызыгуусун арттырган, илимий изилдөөлөргө үндөгөн насаатчыларга, педагогдорго жана профессорлор жамаатына ыраазычылык билдирем.
Өзүңөр жакшы билгендей, азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жасалма интеллект ушундай бир ылдамдык менен өркүндөп, кайсы гана тармакта болбосун, жигердүү колдонула баштады. Иликтеп-изилдей келсең, мындай алдыңкы технологияда дагы жаштардын орду чоң экени байкалат. Бул жаатта силер дагы өз мүмкүнчүлүгүңөрдү сыноого мезгил келип жетти деп ойлойм. Албетте, ийгилик кокусунан эле келип калбайт, бул үчүн талыкпай эмгектенүү, өжөрлүк менен иштөө, убакытты курмандыкка чалуу менен тынбай окууну талап кылат.
Дагы бир маанилүү жагдай, дүйнө эли өнүгүү менен катар өзөгүн издеп, улуттук иденттүүлүгүн изилдеп жаткан маалда, силер дагы илим-билимге умтулуу менен бирге, ата-бабалардан калган нарк-насил, адеп-ахлак, каада-салтты кошо ала жүрүшүңөргө тилектешмин.
Ошондо гана төгөрөгү төп, келечеги кең, ар тараптуу кесипкөй адис, эң башкысы Ата Мекенибиздин татыктуу атуулу болосуңар. Дагы бир жолу Президенттик стипендияга арзышыңар менен куттуктайм!
Силерге чың ден соолук тилейм, келечектүү пландарды ишке ашырууда чечкиндүүлүктү, тайманбастыкты каалайм! Ушул демиңерден жазбагыла!”.