Вторник, 24 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Инвестиция өстү. Дүңүнөнбү же так эсеби барбы?

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Ж.Жээналиев Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү өскөнүн билдирди. (https://kabar.kg/news/ob-em-investitcii-postupaiushchikh-v-kyrgyzstan-znachitel-no-vyros/).

Ал ички дүң продуктынын өсүү темпи 9,6 пайызга жеткенин инвестиция боюнча семинарда кеп кылды. Арийне, тилекке каршы, инвестициянын көлөмү канчага өскөнүн Жээналиев ачыктаган жок. Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү көбөйгөнү дурус, бирок канчага көбөйгөнүн, ички жана тышкы инвестициянын структурасын, кайсыл тармактарга кандай капиталдык салым жумшалганы тууралуу кенен маалыматты бериши керек. Өткөн доордо тышкы инвестицияны жардам менен, тике инвестицияны грант менен алмаштырып алган учурларыбыз да жок эмес. Инвестициялар агенттиги жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинин кийинки чыгарылыштары үчүн жетиштүү, толук жана так маалыматтарды редакцияга берет деген ишеничтебиз.

Өз маалыматыбыз

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар