Вторник, 24 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Жалал-Абадда диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абадда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун туруктуу түзүмү жок кылынды.

УКМК уюмдун 22 мүчөсүн кармаган. Алардын арасында шаар боюнча «масул» (жетекчи), беш «накиб» (рухий насаатчы), сегиз «мушриф» (окутуучу, алардын ар бири 3-5 адамды экстремисттик идеологияга окуткан) болгон.

Атайын кызматтын айтымында, топтун мүчөлөрү бир нече жыл бою Жалал-Абад шаарында эл арасында деструктивдүү идеологияны жайылтып, жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенген. Ошондой эле интернетте фейк аккаунттарды түзүп, тыюу салынган экстремисттик материалдарды жашыруун басып чыгарып, таратышкан.

Кармалгандар талкууланып жаткан «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, ага каршы баракчаларды таркатуу иштерин жүргүзүшкөнү айтылды.

Мындан тышкары, алар коопсуздугу үчүн дрон колдонушкан. Уюмдун мүчөлөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар