whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсык73 жаштагы атасын сабап, жамбаш сөөгүн сындырган деп уулу кармалды

73 жаштагы атасын сабап, жамбаш сөөгүн сындырган деп уулу кармалды

Ысык-Көлдө 73 жаштагы атасын сабап, жамбаш сөөгүн сындырган деп шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалымат боюча, окуя 17-декабрда болгон. Аларга Чолпон-Атанын тургуну арыз менен кайрылып, 46 жаштагы уулу (М.Р.) мас болуп алып үйүндөгүлөрдү коркутуп, сөгүп, аны сабаганын билдирген.

Ошол эле күнү карыя ооруканага кайрылып, ага «сол жамбаш сөөгүнүн жабык сынышы» деген алдын ала диагноз коюлган.

Териштирү иштери учурунда карыянын уулу 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Укук бузуулар кодексине ылайык эки жолу жазага тартылган.

Аталган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар