whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.03.2025
18.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкАла-Букада райондук билим берүү кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ала-Букада райондук билим берүү кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 Ала-Букада мыйзамсыз акча чогулткан райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуп келишкен. Тагырагы, №33 жалпы орто билим берүү мектебинин директорунан 127 миң 975 сом акча каражатын «МБанк» тиркемеси аркылуу котортуп алышкан.

Мындан тышкары, ушундай эле мыйзамсыз аракеттер райондогу башка билим берүү мекемелеринин жетекчилерине карата да колдонулуп, акча каражаттары мыйзамсыз жыйналган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар