Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Карт тарыхка негизделген, келечекке багытталган достук мамиле

Кыргызстан менен Индияны көп кылымдык тарых жана маданият байланыштырып турат. Биздин маданий өз ара аракеттенүүнүн узак тарыхы эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы терең байланыштардын бар экендигин далилдеп турат жана бул байланыштар жыл сайын мындан ары да чыңдалып келет. Учурда бул диалог улантылып, өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктү түзүүдө.

Кыргыз Республикасы 1991-жылдын 31-августунда көз карандысыздыкка жетишкенден кийин, Индия жаңы эгемендүү мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн алгачкы республикалардын бири болгон.

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда терең саясий өз ара түшүнүүчүлүк бар, бул салттуу достукка жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында биз өз ара пайдалуу, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин бардык кызыкдар багыттар, анын ичинде соода-экономикалык, аскерий-коргонуу, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактары боюнча ийгиликтүү түздүк.

Кыргызстан менен Индияны тарыхый жана цивилизациялык өзгөчөлүктөр байланыштырып турганын өзгөчө белгилеп кетким келет. Биздин өлкөлөр ортосундагы саясий мамилелер ар дайым жылуу жана достук мүнөзгө ээ болуп келген.

Стратегиялык өнөктөштүккө карай

Биз соода, инвестиция, коргонуу жана коопсуздук сыяктуу секторлордо мындан ары да иш алып барууну пландап жатабыз. Дагы бир артыкчылыктуу багыт – бул терроризм, экстремизм жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү коркунучтарын азайтуу жаатында кызматташуу.

Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жалпы чек ара жок, бирок менин ишенимимде, ийгиликтүү кызматташуу үчүн коңшу болуу шарт эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Индия менен эки тараптуу мамилелерди алыстагы коңшу катары өнүктүрүүдө. Биз стратегиялык өнөктөштөр болуп саналабыз. Мыкты эки тараптуу кызматташтыктан тышкары, биздин мамлекеттер эл аралык аянтчаларда тыгыз иш алып барууда. Биздин ортодо өз ара түшүнүүчүлүк бар, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча көз караштарыбыздын окшоштугу байкалат.

Буга далил катары Индиянын премьер-министри Нарендра Моди тарабынан демилгеленген Борбор Азия – Индия саммитин атап өтсөк болот. Аймактагы беш өлкөнүн президенти, анын ичинде Садыр Жапаров да бул иш-чарага катышкан. Биринчи саммиттин алкагында кызматташуу тармактары аныкталган декларация кабыл алынган. Тышкы иштер министрлеринен тышкары, Кыргызстан менен Индиянын соода жана маданият министрлери да системалуу түрдө жолугушуп турат. Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуулары да ийгиликтүү өтүүдө.

Жалпысынан белгилеп кетсем, быйыл Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин түзүлгөнүнө 33 жыл толду. Акыркы жылдарда эки өлкөнүн кызматташуусу ого бетер бекемделди. Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди эки ирет Бишкекке иш сапары менен келсе, Кыргызстан жетекчилери да бир нече жолу Нью-Делиге расмий сапар менен барышкан.

2019-жылы Индиянын Премьер-минис-три Нарендра Модинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун ортосунда конкреттүү кызматташуу боюнча документтерге кол коюлган. Негизги артыкчылыктуу багыттар катары соода, IT-технологиялар жана фармацевтика тармактары тандалган. Ошондой эле тараптар инвестициялык кызматташуу боюнча макулдашышты. Учурда биз ошол сапардын жүрүшүндө белгиленген артыкчылыктарды ишке ашыруудабыз – бул аймактарды өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар, туризм, инфраструктура, санариптештирүү жана башка багыттар.

Бул визиттин эң маанилүү жыйынтыктарынын бири – биздин эки тараптуу мамилелерибиз жаңы деңгээлге, тактап айтканда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү.

Күн тартиби тынымсыз кеңейип жатат. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлар үзгүлтүксүз өтүүдө. Жогорку деңгээлдеги диалог туруктуу мүнөзгө ээ болуп, кызматташуубуздун бардык багыттарына тон берип турат. Мындан тышкары, кыргыз-индия тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы консультациялар да үзгүлтүксүз өтүп, анда тараптар эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу карап чыгышат. Алар ар кандай тармактарда, анын ичинде саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө, соода, коргонуу жана билим берүү тармактарында ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын айта кетүү абзел.

Ошондой эле кыргыз-индия өкмөттөр аралык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык комиссиясынын жыйындары үзгүлтүксүз өтүп турат. Бул жыйындар эки тараптуу соода жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө түрткү берет. Тараптар эки өлкөдө өтүүчү соода жарманкелерине жана көргөзмөлөрүнө активдүү катышууга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.

Пайдаланыла элек потенциал

Тилекке каршы, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жана инвестициялардын деңгээли реалдуу потенциалдан төмөн бойдон калып жатканын белгилей кетүү керек. Бул багытта көрсөткүчтөрдү жогорулатуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү зарыл. Анткени биз талкуулай турган жана иш алып бара турган тармактар арбын. Айрыкча медицина, саламаттыкты сактоо, фармацевтика, билим берүү, маалыматтык технологиялар, бизнес-процесстерди аутсорсингге берүү, инфраструктура, айыл чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, энергетика, космос, текстиль, булгаары-бут кийим өнөр жайы, баалуу таштар жана зергер буюмдар, гидроэнергетика, мейманкана бизнеси жана туризм сыяктуу секторлор эки тараптуу кызматташтыктын эң келечектүү багыттары болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында Индия Кыргызстанга 200 миллион АКШ доллар көлөмүндө насыя линиясы берилерин билдирген. Бул каражаттар Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн артыкчылыктуу долбоорлорго, атап айтканда транспорт, энергетика, маалыматтык технологиялар, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарына багытталат.

2021-жылы Кыргызстанда социалдык өнүгүү жана тез таасир этүүчү долбоорлор үчүн Индиянын гранттык жардамы боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. Бул багытта иш улантылууда.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин жандануусун эске алуу менен, улуттук банктар эки өлкөнүн коммерциялык банктарынын ортосунда түз корреспонденттик байланыштарды (P2P) орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле учурда Бишкек шаарында Кыргыз-Индия университетин ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын органикалык продукцияларын Индиянын рыногуна экспорттоо боюнча макулдашууларга жетишилди. Бул продукцияларга бал, жаңгактар кирет. Мындан тышкары, экотуризм жаатында, анын ичинде ак илбирсти сактоо боюнча кызматташуу идеялары да талкууланууда.

Биз үчүн Индиянын БУУнун алкагында топтогон зор тажрыйбасы өзгөчө кызыгуу жаратат. Индия дүйнөдөгү эң ири тынчтык орнотуу күчтөрүн камсыздоочу мамлекет болуп саналат. Менин билишимче, учурда 200 миңден ашуун индиялык аскер кызматчылары Азия жана Африкадагы ар түрдүү тынчтык орнотуу миссияларына катышууда. Бул тажрыйба биз үчүн маанилүү жана бул багытта кызматташуубуз мүмкүн.

Ошондой эле эки өлкөнүн ар түрдүү министрликтери менен ведомстволорунун ортосундагы тыгыз кызматташууну белгилеп кетүү абзел. Мисалы, Дипломатиялык академия, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту, “Манас” улуттук академиясы, Улуттук китепкана, Улуттук музей жана Кыргыз-Индия биомедициналык изилдөө борбору жана башка мекемелер.

Маданий байланыштар

Маданий-гуманитардык кызматташтык биздин мамилелердеги эң маанилүү тармактардын бири болуп саналат жана биз бул багытка өзгөчө көңүл бурабыз.

Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада Индиянын маданий борбору иштеп келет. Ал биздин жарандарга Индия жана анын маданияты тууралуу көбүрөөк маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Борбордо англис жана хинди тили боюнча сабактар өтүлөт, ошондой эле йога боюнча машыгуулар уюштурулат.

Эки өлкөнүн ортосунда чыгармачыл топтордун, искусство жана маданият ишмерлеринин активдүү алмашуусу жүрүп жатат. Быйыл кыргыз элинин улуу “Манас” эпосу хинди тилине которулду.

Кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири катары телемедицинаны белгилөөгө болот. Учурда Бишкектеги үч ооруканада, Ош, Каракол жана Талас облусундагы клиникаларда ийгиликтүү иштеп жаткан тармак бар. Ошондой эле онкология-лык ооруларды дарылоо үчүн «Бабатрон II» симулятору иштеп жатат. Бул рак шишиктерин нур терапиясы аркылуу дарылаган алыскы гамма-терапиялык аппарат болуп саналат. Анын бири Бишкек шаарында орнотулуп, ийгиликтүү иштеп жатат. Жакынкы убакта ушундай эле аппаратты Ош шаарында ишке киргизүү пландалууда.

Сөөк ашуусунда, деңиз деңгээлинен 4000 метрден ашкан бийиктикте, Кыргыз-Индия тоо биомедициналык изилдөө борборунун бийик тоолуу изилдөө станциясы иштеп жатат. Ал бийик тоолуу шарттарга акклиматизация учурундагы биологиялык реакцияларды изилдөө менен алектенет.

Билим берүү тармагы дагы ийгиликтүү кызматташуунун бир багыты болуп саналат. Учурда Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында 18 миңден ашуун индиялык студенттер билим алышууда.

Ошондой эле, биз үчүн медициналык туризм да өзгөчө кызыкдар тармак болуп саналат. Индия дүйнөлүк деңгээлдеги медициналык кызматтарды жеткиликтүү баа-да сунуштайт. Индиянын клиникалары Кыргызстандагы ар кандай ооруканалар менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшкан. Көптөгөн кыргыз жарандары ички органдардын, сөөк чучугунун трансплантациясы жана башка татаал медициналык жардам алуу үчүн Индияга барышат.

Түз транспорттук коридордун жоктугун эске алуу менен, биз бул маселени чогуу чечүүгө аракет кылуудабыз. Учурда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы түз авиакаттамдарга кошумча, 2025-жылдын башынан тарта “IndiGo” авиакомпаниясы эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда жумасына үч жолу туруктуу каттамдарды аткарууну пландоодо. Бул өз кезегинде туризмди жана эки өлкөнүн бизнес коомчулуктары ортосунда коммерция-лык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жардам берет деп үмүттөнөм.

Мамилелер дагы бекемделет

Биздин ортобузда көптөгөн өз ара кызыкчылыктар бар жана алар боюнча ийгиликтүү кызматташтык улантылууда.

Жогоруда белгилеп өткөндөй, биздин эки тараптуу потенциалыбыз азыркы учурда талап кылынган деңгээлге жооп бербей турат. Албетте, бул багытта аткарылбай калган иштер бар, бирок бул өнөктөштүктү түзүү процессинде табигый көрүнүш. Мындай көйгөйлөр көп учурда биздин көзөмөлүбүздөн тышкаркы географиялык жайгашууга байланыштуу факторлордон келип чыгууда.

Ошондуктан биз биргелешип тыкыр изилдеп, айрым долбоорлор боюнча иш алып баруудабыз. Мисалы, түндүк-түштүк эл аралык транспорт коридорун жана Чабахар портун колдонуу долбоорлору. Бул долбоорлорду ишке ашыруу логистика маселелерин чечүүдө маанилүү кадам болуп, Индия менен Кыргызстандын ортосундагы соода мамилелерине жаңы дем берет деп ишенем.

Мындан тышкары, Индияда салыштырмалуу Борбордук Азия тууралуу маалымат азыраак экенин да белгилеп кетүү керек. Албетте, Борбордук Азия аймагы Индиянын тышкы саясатында өз ордун ээлейт, бирок Индиянын калкынын арасында Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик түзүлүшү жана маданий өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүнүк жетишсиз.

Бул багытта биз маданий-гуманитардык алмашууларды жана маалымат жайылтуу механизмдерин кеңейтүү аркылуу Индияда Борбордук Азия жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча биргелешип иш жүргүзүшүбүз зарыл. Мындай аракеттер эки өлкө ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзүп, элдерибиздин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү дагы да тереңдетет.

Өз кезегинде Кыргызстанда Индия тууралуу кеңири маалымат бар экенин белгилеп кетким келет. Кыргызстандын жарандары Индия тамактарын сүйүп, тасмаларын кызыгуу менен көрүшөт. Ошондой эле, мурда айтып өткөндөй, 18 миңден ашуун индиялык студент Кыргызстанда жогорку билим алып жатышат. Бирок, муну менен катар өкүнүч менен белгилесем, Кыргызстанда хинди тилин билген адамдардын саны салыштырмалуу аз.

Бул контекстте, Кыргызстанда Кыргыз-Индия университетин ачуу эки өлкөнүн бири-бири жөнүндө маалыматын жана таанымын тереңдетүүгө зор салым кошот деп ишенем. Бул иш келечекте маданий жана билим берүү тармактарындагы алакаларды жаңы деңгээлге алып чыгууга жардам берет.

Сөзүмдүн аягында тышкы саясатта жана чет өлкөлөрдө көп жылдык иш тажрыйбамдын аркасында мен өзүмдүн мекеним Кыргызстанды мындан да терең сүйүп, эл аралык тажрыйбаны салыштыруу менен мекенимдин өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүп калганымды белгилеп кетким келет. Бул багытта, мен мекеним Кыргызстанга жана анын элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалайм.

Аскар БЕШИМОВ, КыргызРеспубликасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Редакциядан: “Кыргыз Туусу” гезити 2025-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына, эл аралык маселелерге өзгөчө көңүл буруп, биздин чет мамлекеттердеги дипломатиялык миссиялардын алар аккредитацияланган өлкөлөр жана уюмдар менен мамилени чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткиликтүү маалымдоого басым жасамакчы.

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар