Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Президент: «Бардык маселелерди трибунадан ачык айткыла»

Бардык маселелерди трибунага чыгып ачык айткыла. Эч ким силердин чапаныңарды чечип калбайт, бир тал чачыңар түшпөйт, — деп кайрылды президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда делегаттарга.

Курултайдын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан келген делегат Асылбек Абдыкадыров сөз сүйлөп, Ноокен районундагы көйгөйлөрдү айтып, аны менен катар курултайга бир нече маалымат каражаттарынын журналисттерин чакырып, сөз берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, социалдык тармактарда өлкөдө сөз эркиндиги жок, курултайдын делегаттары нөөмөттөгү адамдар экенин жазып жатышат.

«Алар коомдук пикирди манипуляциялоодо. Эмне үчүн «Кактус», «Азаттык», «ПолитКлиника» сыяктуу маалымат каражаттарынын пикирин билүүгө болбосун? Андан кийин коомчулукка маалымат жеткирүү маселесин карамакпыз», — деп сунуштады Асылбек Абдыкадыров.

Курултайга катышып жаткан президент Садыр Жапаров буга каршы эмесмин деп жооп берди.

«Кимди сүйлөтөм десеңер трибуна силердики. Кандай гана маселе болбосун ачык айткыла. Силердин чапаныңарды эч ким чечип калбайт. Бир тал чачыңар түшпөйт. Сөз эркиндиги бар, болуп келген. Болгону сөз эркиндиги менен ушак-айыңды, жалган жала жабууну, мазактоону, калп айтууну алмаштырып албасаңар болду», — деди мамлекет башчысы.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар