Каарманыбыз Тажигүл Күнтүздүн чоң аталары өлкөбүздөгү колхоздоштуруу убагында мекенинен кетүүгө аргасыз болушкан. Тажигүл Күнтүз Түркиянын Конья шаарында төрөлүп-өсүп, бүгүнкү күндө түрк жергесинде сүрөтчүлүк өнөрдү аркалап келет.
– Тажигүл эже, өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?
– Мен Тажигүл Өзгөн Күнтүз, атам Тахир Өзгөн Адыгиненин Жору уруусунанбыз. Чоң атам Парпи корбашы Өзгөндүн уулу. Чоң аталарым Жаныбек казы, Мати корбашы Ош, Өзгөн, Алай жергесин жердешкен. Кийин совет бийлиги орногондо, ага каршы чыккандар кыргыздын эркиндик үчүн күрөшкөн уулдарын “басмачы” катарында куугунтукка алганда, Кашкарга качып, ал жактан кытайларга каршы согушуп, Пакистан тарапка көчүп келишет. Ошентип, Пакистанда 17 жыл туруп калышат. Бул жылдарда ал жактын тилин, соода жасоону үйрөнүшөт.
1952-жылы түрк бийлигинен мекенинен алыста жүргөн түрк тектүүлөрдү кабыл алабыз деген сунуш болуптур. Чоң атам ошол жакта жүргөн кыргыз, уйгур, казак, өзбек улутундагы жердештерин жөнөтүп, кийин үй-бүлөсү менен Түркияга келип, Конья шаарынан кыргыздарды жолуктуруп, аккан суусу, теректери Кыргызстанга окшош экен деп, ал шаарда жашап калыптыр.
– Кыргыз тилин кантип үйрөнүп калгансыз?
– Балалыгымда Кыргызстанга үч айга барып, үйрөнүп калдым. Ошол саякатым өмүрүмдөгү эң бактылуу кез болгон. Ал убакта картадан Советтер Союзунун Социалисттик Республикаларынын биримдиги (СССР), анан Ысык-Көл деген жазууну гана көрөт элек. Мен атамдын 45 жашында көргөн туңгуч перзенти болдум. Кичине бала экениме карабай атам балалык күндөрүн, Ажыке, Кара-Шоро, Өзгөн деген жерлерди айтып, көзүнө жаш алса, мен да ыйлап, “Ата, Кыргызстанга барсаң мени да алып бар ээ” дечүмүн.
Чоң атам Парпи ажы кайтыш болгондо “Ушундай таасирдүү, эл сыйлаган адам мекенинен алыста каза болуп, жаназасы өз усулу менен болбоду” деп атам абдан кайгырды. Кийин араб тамгасы менен Кыргызстанга “Мен Парпи ажынын уулу Тайыр Өзгөн, ушул датада Парпи ажы каза болду, кабар туугандарына жетсин”, – деп кат жазып жиберет. Катка “СССР, Кыргызстан” деп, бүт уруу-уруктарыбызды, жети атабызды жазып коюптур. Кат СССРде, Кыргызстанда бир жылдай колдон колго өтүп, акыры атамдын Отуз-Адырдагы эң чоң эжеси Райхандын колуна тийиптир.
Туугандар да “Биз барбыз, тууган-урук сак саламатпыз” деп кайра жазышат. Райхан эжебиз менен почта аркылуу кат жазып, ал-акыбал сурашып жүрүштү. Кийин Райхан эжем атамды бир көрүп калайын деп Кыргызстанга келип кетүү үчүн чакыруу жиберет. Ал убакта СССР аймагына чакыруу кат болмоюнча сырттан кирүү мүмкүн эмес эле.
Атам катты алар замат туугандарды көргөнгө барабыз деп, Анкарадагы элчиликке виза үчүн документ тапшырып, бир жылдан кийин гана СССРге үч айга кирүүгө уруксат алдык.
Түркстан аймагынан келген коңшулар менен той-тамаша, жакшылык-жамандыктарда чогулуп турчубуз. Ошондон уйгур, казак, өзбек тилиндеги сөздөр кулагыма сиңип калганга, Кыргызстанга барганда уккан-билген сөздү эле кыргызча деп айта берсем “Сен кайсы тилде сүйлөп атасың, бул кайсы тил” деп күлүшчү.
Туугандар мени сыйлап, жерге отургузбай эркелетишти. Ансыз да кыргыз элим деп жакшы көрчүмүн, үч ай жүргөн убакытта элиме деген аздектеген сезимим артты. Атам мага кыргызча кирилл тамгасы менен жазылган алиппе сатып берип, бир айда сүйлөп, үч айда шатыратып окуп калдым. Ал жактан туугандар менен жайлоого чыгып, ат чапканды үйрөндүм.
Ошо сапарыбызда Фрунзе (Бишкек) шаарына бардык. Ал жактан Салижан Жигитовго жолугуп, ал “Кыргызфильм” студиясына алып барып “Бакайдын жайыты” тасмасын көргөздү. Тасманы көрүп жатып атам экөөбүздүн жашыбыз токтобойт.
Кетээрде “Түркияга барсам дагы жалгыз калам эми” деп кайгырдым. Түркиялыктар мени “Көзүң жүлжүйгөн жапонсуңбу, кытайсыңбы” дешчү да, ошого “Мага окшоштор бул жакта, кыргыздын өңү ушундай тура” деп, бир чети туугандардын жакшы мамилесинен улам кетким келбейт.
– Сүрөтчүлүк өнөрдү кандайча аркалап калдыңыз?
– Сүрөтчүлүктү кичинемден жакшы көрүп, сүрөт тарттым. Кыргызстанда жүргөнүбүздү Чыңгыз Айтматов угуп, Кара-Суунун акимине “Түркиядан келген кыргыздарды табыңыз” дептир. Бир убакта үйгө аскерлер келип “Сизди Айтматов телефонго чакырып жатат” деп бизди телефон станциясына алып барды. Атам менен ал-акыбал, кай жактан келгенибизди, кандай эс алып жатканыбызды сурап, “Телефонду кызыңызга бериңиз” деди. Телефонду алсам Айтматов “Түрк элин сыйлайм, эки балам Түркияда окуп жатат, келечекте ким болгуң келет?” деди. Мен “Сүрөтчү болгум келет, бирок, атам уруксат бербей жатат” – деп салдым. Айтматов болсо “Кыргыздарга исскуство, өнөр адамы керек, сен өнөр адамы бол, телефонду атаңа бер” деди. Ошондо ал атама: “Кызыңды жогорку окуу жайына окуткун, сөз бер” десе, атам «Окутамын» деп сөз берди.
Түркияга келгенде сүрөттү таштабай, жогорку окуу жайды Адана шаарынан экономика багытында окудум. Сүрөт тартканды жакшы көргөндүктөн кесипкөй сүрөтканаларда окуп, тажрыйба топтодум. Турмушка чыкканда да токтотпой, сүрөт борборумда аял сүрөтчүлөрдү окуттум.Тынбай аракеттенген эмгегимдин натыйжасында көргөзмөлөргө катышып, эмгегим күйөрмандарым, мамлекеттер тарабынан кол-доого алынып келе жатат.
– Сүрөттөрүңүздү зер буюм жана курактар менен кооздойт экенсиз. Эмне себептен?
– Мен авангард стилинде сүрөт тартып, ошондой эле кыргыз аялдары жана оймолору
боюнча коллекциям бар. Кыргызстан үчүн кызмат кылууну карызым бардай сезип, кыргыз эли үчүн эмне жасай алам деп ойлоно берер элем. Башында кыргыз кыздарын, оймолорун музейден көргөнүм боюнча тартар элем. Сүрөтүмдү көргөндөр “Кыргыз кыздары ушундай сулуубу?” – деп сурашат. Албетте, менин көзүмдө кыргыз кыздары сулуу. Стилимдин өзгөчөлүгү, боегумдун сулуулугу кыргыз болгонум үчүн болсо керек. Мен тарткан ар бир кыргыз кызынын портрети – мекенимдин чагылышы деп билем.
Кыргызстандын кылымдык тарыхын, рухун чагылдыруу үчүн кадимки сүрөт тартсам жарашпай калмак. Ошол себептүү, сүрөттөрүмдө шуру, бермет, күмүш буюмдарын колдоном.
– Ата-энеңиз кандай каада-салт колдончу эле?
– Атам «Кыргыз жалган айтпайт, сөз берсе сөзүнө турат, уурулук кылбайт, жалган айтпа, сени тааныгандар кыргыздар жакшы улут экен” десин деп, “Кыргыз ыйлабайт, атка минет, кыргыз кызы күчтүү” деп кичинемден кайраттуулукка тарбиялады.
– Кыргызстандык туугандарыңыз менен байланыш барбы?
– Туугандар менен кабарлашып, Кыргызстанга барганда жолугуп келем. Атам “Кызым, көп жер көрдүм. Мекенибиз үчүн согуштум. Бирок, менин эрдигим сага мекенибизди, туугандарды көрсөтүү болду” дечү. Мен да турмушка чыгып, балдарымды Кыргызстанга алып барып, атамдын айтканын эскердим. Атама Түркияда жүрүп калгандыгыбыз боюнча капа болуп айтканымда “Биз орусту көргөндө эле коркуп, малыбызды тартып алат деп качпадык. Курал, аскер жетишсиз болду, алар кыргызды бири-бирине кайраштырып, бири бирине кырдырткан күндөр болду” дечү.
Кенже ОСМОНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”