Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Үмүт КЕЛДИБАЕВА:«Сыртта жүрүп көрбөгөнүм калган жок»

Буга чейин “Кыргыз Туусу” гезити “Мекендеш”, “Мекендештин күндөлүгү” рубрикаларынын астында сыртта жүргөн мекендештерибиздин кызыктуу окуяларын, кыйынчылык, ийгиликтерин окурмандарга сунуштап келген. Бул жолу Москвада көп жылдан бери эмгектенип, ары кызыктуу, ары татаал окуяларды башынан кечирген Үмүт КЕЛДИБАЕВАны кепке тарттык. Сүйлөп берип жатып, улам көзүнө жаш алган каарманыбыз жети жыл ичинде көргөн окуяларын баяндап берди. 

(Башталышы өткөн санда)

“Бирин-бири алдагандарды көрүп зээниң кейийт”

Күн менен түн, жакшылык менен жамандык эриш-аркак жүргөндөй эле жакшы учурлар да көп болду. Бул жактагы классташтар табышып, майрамдарда кездешип турабыз. Кыргыз бар жерде тойлор боло берет экен. Кафе, ресторандардын көбү азыр кыргыздардыкы. Мекендештер иштеткен чакан дүкөн, чайханалар да көбөйдү. Кыргыз дүкөндөрдө чучук, бозо, сүмөлөк, сары май сыяктуу Кыргызстандан келген табигый азыктар сатылат. Сагынган учурларда сатып алып жеп турабыз. Кышкысын бозо салып саткан кыз-келиндер бар. Алар вотсап топторго кулактандырууларды жарыялап турушат. Бозого 5 литр же андан көп буйрутма кылсак метрого чейин өздөрү алып келип беришет. Минтип жоктон бар кылган жагынан кыргыздарды көрүп кубанасың. Бирок, жумуш таап берем демиш болуп бири-бирин алдаган боордошторду көргөндө кайра зээниң кейийт. Мага жакканы бул жактагы мигранттардын көбү намазга жыгылып, ислам дини сабактарына тез-тез барып турушат. Айрымдар ата-энелерин алып келип Москваны, Россиянын башка шаарларын көргөзүп жүрүшкөнүн угуп, көрүп калам. Андайда ата-энемди эстеп, мен неге ушинте албадым деп ичтен сызам.

“Биздегидей саясатты сүйлөгөндөр жокко эсе”

Россиянын мага климаты көп жаккан жок. Кар, жаан жааса, жаабаса деле асман жумалап, айлап чүмкөлүп ачылбай тура берет экен. Албетте, баары бир Кыргызстаныбыздын тоолоруна, кооздугуна жетпейт. Бирок, жайкысын жаратылышы көркүнө чыккан жайлар, көлмөлөр көп экен. Кечинде күндүн батышын тиктеп көлмө жээгинде отурсаң өзүнчө керемет. Айрыкча май айында Подмосковьенин айланасы кулпуруп чыгат экен. Каакым-кукум гүлдөгөндө жер бетине сапсары килем жайып койгондой болуп калат. Андай жерлерден кеткиң келбейт.

Убагында Москваны жакшы билбей көп адаштым. Азыр Кудайга шүгүр, тияк-биягын жакшы билип калдым. Адашып жүрүп Шарикоподшивниковые деген көчөнү көрүп алып көпкө күлгөнүм эсимде. Бир жолу эки-үч аялдама жөө баспайын деп автобуска “зайчик” болуп түшө калсам кашайып ичинде кондуктор бар экен. Байкатпай кийинки аялдамада түшүп кетейин десем автобус светофорго келип токтоп калды. Түрүмөн байкадыбы, кондуктор келип мени кармап алды. Төлөйүн десем чөнтөгүмдө да, банктык картамда да тыйын жок эле. Ошончо элдин көзүнчө аябай уялдым. Кийинки аялдамага келгенде кондуктор 1000 рубль айып пул жазып берип мени түшүрүп салды. Кийин жол кире төлөбөгөндөр үчүн айып пул 2 000 рубль болгондо да ишке шашып түшө калып бир кармалдым. Бул жакта автобус, трамвайларда мен келген жылдары жол кире 32 рубль эле кийин 50 рубль болду. Өткөн жылы ноябрда 54 рублге жогорулады. Бирок, россиялыктар жол кире көтөрүлдү деп Кыргызстандагыдай  социалдык тармактарда ызы-чуу кылышкан жок. Биздегидей саясатты сүйлөгөндөрдү деле көрбөйсүң. Баары өз иши  менен  алек.

“Сөгүнгөн киргиздер үчүн орустардан уялам”

Албетте, акча кимге болбосун керек. Бирок, үй-бүлө, бала-бакыра акчадан да баалуу эмеспи. Муну айтканым, Москвага эки-үч баласы менен ажырашкан кыргыз келиндер көп келип, айрымдары бул жактан бузулуп кетишкенин көрдүм. Динди жаманатты кылып жоолук салынып алышып бир эмес эки-үчтөн эркектин башын айлантып жүргөн кыргыз кыз-келиндер да бар. Союз тараган кездеги кыз-келиндерди го түшүнсөк болот. А азыркы жаштарга тил үйрөнгөнгө, билим алганга жакшы шарт, мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан жаш кыздар бирөөнүн жеңил акчасына азгырылбай, эптеп-септеп турмушка чыгууга ашыкпай окушса дээр элем. Таң калганым, бул жакка бир ооз орусча сөз билбегендер келип алып ой келди сүйлөп, мас болуп алып орусча, кыргызча аралаштырып сөгүнүшөт. Андайда кирерге жер таппай орустардан аябай уялам.

Анан биздин каныбызга сиңип калганбы, айтор, эки кыргыз жолукса эң биринчи бири-биринин тапкан акчасына, маянасына кызыгышат. Же бизде акчадан башка сүйлөшөр нерсе жок калганбы, билбейм. Ошол эле кезде бул жакта жакшы бизнес кылып, супермаркеттердин ичинде кыргызча аталыштагы бутиктерди ачкан мекендештерибиз да бар. Бир жерден “Киргизия” деген чоң супермаркетти көрдүм. Мындай жайларды көргөндө Кыргызстанга келгендей сүйүнүп сөзсүз баш багам. Кыргыздардын ушундай ийгиликтерге жетишкенине кубанам.

(Уландысы бар)

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар