whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешНурланбек Шакиев Монголиянын премьер-министри менен жолукту

Нурланбек Шакиев Монголиянын премьер-министри менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапарынын алкагында Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, маданият жана туризм, тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүү жаатында да кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Төрага Нурланбек Шакиев эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байланышын кеңейтүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: «Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы алакалар жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар байма-бай уюштурулууда. Анын ичинен өткөн жылы Кыргызстандын президентинин Монголияга жасаган расмий сапары бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү», — деди.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экомикалык алакаларды арттыруу маселеси да көтөрүлүп: «Кыргызстан Монголия мамлекетине айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар. Бул үчүн соода-логистикалык жана транспорттук маселелерди ыкчамдатып чечүү учур талабы. Андыктан аталган багытта жигердүү иш алып барып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүшүбүз керек», — деди төрага.

Ал эми Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэне айтылган ар бир демилге маанилүү экенин белгилеп, айрыкча соода байланышын арттыруу башкы максат экенин билдирди.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар