Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Мамлекет башчысы бир катар мектептердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары тууралуу маалымат менен таанышат.