Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 1960-жылы негизделген сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Кыргыз автоном облусунун жана туңгуч гезитибиз “Эркин Тоонун” 100 жылдыгына байланышкан бай материалдар бар.
1924-жылдын 14-октябрында кыргыз элинин эркиндигинин жаңы этабы башталган. 1924-жылдын 11-майында РКП (б) БКнын Орто Азиялык бюросунун бөлүштүрүү комиссиясы Россия федерациясынын курамына кирген, Кара Кыргыз автономиялуу облусун түзүү зарыл деп тапкан. Көп убакыт өтпөй эле, 2-июнда, Орто Азиялык бюро комиссиясы тарабынан иштелип чыккан РКП (б) БКнын В.В.Куйбышев башында турган комиссия, түзүлүүчү республикалардын жана облустардын чек араларын белгилөө ишин аяктаган. Түркстан Республикасынын Советтеринин борбордук аткаруу комитетинин кезексиз сессиясы ачылып, ал 16-сентябрда Орто Азияны улуттук – мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндө токтом кабыл алган.
1924-жылдын 14-октябрында ВЦИКтин 2-сессиясы, 1924-жылдын 27-октябрында СССР БАКтын сессиясы Түркстан БАКтын Орто Азияны бөлүштүрүү жөнүндөгү чечимин кубаттап, кыргыз элинин биринчи улуттук автономиясын түзүү этабы аяктаган.
КАОнун революциячыл комитети түзүлүп, Ташкенттен Пишпекке көчүп келген. КАО төрт округга: Пишпек, Каракол, Ош жана Жалал-Абад, 75 болушка бөлүнгөн. Облуста 6 шаар, 321 кыштак, 727 айыл, 5 хутор болгон. Калкы 737 миң адам болуп, алардын ичинде 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 4,3% калган улуттар, ээлеген аймагы 172 миң км.2 болгон.
1925-жылдын 23–27-мартында КАОнун биринчи съезди болуп, «Кара Кыргыз автономиялуу облусу жөнүндө жобо» кабыл алынып, кыргыз элинин эзелтен бери ээлеп келе жаткан территориясы бекитилип, ага өзүнүн мамлекетин өнүктүрүүгө, саясий жана коомдук турмуштун бардык тармактарында улуттук тилин пайдаланууга укук берилген. Кыргызстанда Совет бийлигин чыңдоо үчүн активдүү катышкан Абдыкадыр Орозбеков КАОнун областтык аткаруу комитетинин биринчи жетекчиси болуп шайланган. Кыргыз эли билимге, маданиятка умтула баштаган.
«Гезитибиз азырынча элге тегиз таратылат. Кыргыз калкынын кедей-кембагал, батырак, кызматчы азаматтарына!» – деп башталат 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн «Эркин Тоо» гезитинин биринчи санына жарыяланган Сыдык Карачевдин баш макаласы. Макаладан кыскача келтирели: «Ар бир мамлекеттин же бир маданиятка жакындап келе жаткан улуттун өз алдынча басма сөзү, гезити болот. «Эркин Тоо» кара кылды как жарган адал, чын сүйлөгүч кеңештер өкмөтү коммунист партиясынын пикирин, максатын бей-бечарага жая турган Кыргыз автономиялуу өкмөтүнүн тили болмок”. Гезиттин биринчи редактору Осмонкул Алиев, жооптуу катчысы Сыдык Карачев болгон.
Алгачкы агартуучу Ишеналы Арабаев «Эркин Тоонун» чыгышына зор салымын кошуп, «Эркин Тоонун” алгачкы санына “Кыргыз калкы» аттуу макаласын жарыялаган. «Белиң талса сүйөнөөр таягың мына «Эркин Тоо», бек карма кыргыз, бек карма! Жашасын эмгек негизинде курулган эрктүү Кыргыз областы!»,– деп жазган Ишеналы Арабаев.
Бул маалыматтар Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө «Кылым карыткан кыргыз тарыхы» деген темада уюштурулган китеп көргөзмөсүндө жайгаштырылды. Көргөзмөдө кыргыз элинин тарыхы, КАОнун уюшулгандыгы тууралуу материалдар, токтомдор, Кыргыз мамлекетинин калыптанышына жана өнүгүшүнө салым кошкон, улуу инсандар жөнүндө маалыматтар бар. «Эркин Тоо» гезитинин алгачкы сандары, фото-сүрөттөр, Ишеналы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун окуу китептери жайгаштырылган. Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөнүнө жана «Эркин Тоо» (“Кыргыз Туусу”) гезитинин 100 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсүнө кыргыз элинин тарыхына кызыккан окурмандарды чакырабыз.
Елена ИСМАИЛОВА,
Улуттук китепкананын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн кызматкери