2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда экинчи жолу эл толкуп, Курманбек Бакиев бийлигин кулатканы баарыбызга маалым. Ошол күнү Ала-Тоо аянтында карапайым элге карата ок атылып, 90го жакын адам шейит кетип, далай адамдар ок жеп майып болушкан. Так ошол каргашалуу окуяда өз өмүрүн тобокелге салып, ок атууну эртерээк токтотуу үчүн Ак үйдөгү аскер кызматкерлерине тике барган ак халатчан айымды эл жакшы билет. Бирок, алигиче анын аты-жөнү коомчулукка ачыкталып, анын тайманбас эрдиги, чечкиндүүлүгү даңазаланып, татыктуу сыйланбай келе жатканы өкүндүрөт. Жакында ошол эр жүрөк айым Мадина ИМИНОВАны таап маек курдук. Каарманыбыз ошондогу окуяны, өзүнүн кийинки тагдыры тууралуу кеп салып берди.
“Адам өлтүрүүнү токтотуу үчүн Ак Үйгө баргам”
– 1991-жылы Бишкекке көчүп келип алгач №8 балдар ооруканасында, кийин Улуттук госпиталда эмгектендим. 2008-жылы Президенттин иш башкармалыгына караштуу клиникалык ооруканада 2010-жылга чейин иштедим. 2010-жылы 7-апрелде мен нөөмөттө элем. Эртең мененки саат ондорго жакын бийликке нааразы эл Ак үй алдына топтолуп калганын уктук.
Башында аскерлер эскертүү катары элди желим октор менен атып жатышкан. Көп өтпөй элге чыныгы октор атылып, алгачкы жарадар болгондорду дарыгерлер тобу алып келе баштадык. Себеби, Ак үйгө эң эле жакыны биздин оорукана эле. Ак үйдүн дарбазасын машине менен талкалай сүзүп кирген жигит көп кан жоготкондуктан анын өмүрүн сактай алган жокпуз. Андан кийин эл Ак үйдү алууга эки жолу чабуул жасап, эки жолкуда тең бизге ок жеген ондогон адамдар түштү. Биз жарадарларга жардам көрсөтүүгө жетишпей жаттык. Жаш өмүрлөрдүн бөөдө кыйылып жатканын көрүп, дарыгерлер тобу Ак үйгө барып коргоо министри Бактыбек Калыев менен ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге жолугуп бул алааматты токтотолу деп сүйлөшкөнбүз. Бирок, башка дарыгерлер чочулап барбай коюшту. Эл үчүнчү жолу Ак үйгө чабуул коюп, ок жегендер биздин оорукананын биринчи кабатына толуп кеткенин көргөндө чыдабай калдым. Эки ак матаны колума алып, бейджигимди тагынып бузулган дарбаза аркылуу Ак үйдөгү аскер кызматкерлерине бардым. Аскерлерден “Жаш балдарды атпагыла, алар дагы бирөөнүн баласы, бирөөнү агасы, бирөөнү иниси” деп сурандым. Алар мага ок атууларды токтотушарын айтышты. Бирок, тилекке каршы, ошол күнү кечке чейин адам өлтүрүү токтогон жок. Биз таң атканча жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүп жаттык.
“Мен үчүн 7-апрель эң азаптуу күн”
– Албетте, 7-апрель бирөөлөргө майрам болушу мүмкүн. Бирок, мен үчүн ал күн жашоомдогу эң азаптуу, кайгылуу окуя болуп калды. Азыр да ал күндү эстесем денем дүркүрөп кетет. Кийин ошол каза болгон балдар жардам сурап түшүмө да кирип жүрдү.
Негизи мен Ак үйгө эки жолу баргам. Биринчисинде темир коргон жабык болуп, баары күйүп жаткандыктан кире албай койгом. Анан өлгөндөр, ок жегендер көбөйүп кеткенде эмне кыларымды билбей Ак үйгө кайра бардым. Ал окуя болгонго чейин Конгантиев, Калыев да биздин ооруканадан дарыланып кетишкен болчу. Менде ошолорго жолуксам ок атуулар токтойт беле деген үмүт бар болчу.
“Апрель окуясынан соң көпкө кыйналдым”
– Түнү бою уктабай 8-апрель күнү эртең менен жарадар болгондордун акыркы тобун кабыл алдык. Андан соң бир ай ошол ооруканада иштедим. 7-апрель күнү өлүп бара жаткан балдар, жаан аралаш аккан кандар көз алдымдан кетпей, чыдабай жардам сурап жалдыраган жигиттердин үндөрү кулагыма угула берип абдан кыйналдым. Ала-Тоо аянтын карагым да келбей калды. Акыбалымды көргөн жетекчим “Бир ай эс алып кел, балким өзүңө келип каларсың” деп эс алууга чыгарды. Бирок, негедир ал жерде кайра иштей албай жумуштан биротоло кеттим. Антпесем аскер кызматкерлеринин “Бизге буйрук берилген, биз атышыбыз керек” дегени, кырчындай жигиттердин менин сөзүмдү укпай окту көздөй чуркашып, кырылып жатышканы көз алдыман кетчүдөй эмес.
“7-апрель – Элдик революция” күнүнө 5 жыл болгондо Президент Алмазбек Атамбаевдин атына кат жазгам. Мени президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов кабыл алып “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” күбөлүгүн тапшырды. Ысык-Ата айыл
өкмөтү каттоого алды. Ага чейин мени 7-апрелде өтүлүүчү бир да иш чарага чакырышкан эмес. Ошондон кийин гана мени чакыра башташты.
“Акылбек Жапаров кабыл алса жакшы болот эле”
– 2017-жылы “Кыргыз Туусу” гезитине “Мени качан эстешер экен” деген темада макала чыкты. Мен 7-апрелде жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан материалдык жардам берилгенин деле билбептирмин. Көрсө, катардагы эле бирөөлөр баатырмын деп үй, акча алышкан тура. Аны кийин гана билдим. Анын үстүнө ошол убакта кийин сыйлык, наам берилет деп ким ойлоптур?
Азыр эмгек өргүүсүндөмүн. Кан басымым жогору жана омурткамда грыжа бар болгондуктан эч жерде иштебейм. Апам 2-топтогу майып, тубаса астма оорусу менен ооруйт. Аны дайыма бирөө карап турушу керек. Мен көптөн бери саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолуга албай жатам.
Нурби ИМИНОВА: “Кызымдын акыбалын сураган киши болбоду”
Биздин каарманыбыздын апасы Нурби МИДИНОВА 7-апрель окуясынан соң кызы оорукчан болуп калганын айтып, сөзгө аралашты:
– 7-апрелде Мадина катуу стресс болуптур. Анын кесепети азыркыга чейин уланып, ушул тапта да кан басымы жогорулап кетип жатат. Бирок, мамлекет тарабынан ушу кезге чейин кызымдын акыбалын сураган киши болбоду. Буга чейин Мадина Бонецкий лабораториясында иштечү. Ден соолугунун айынан иштебей отуруп калды. Өзүм II топтогу майыпмын. Тубаса астма оорусу менен ооруйм. Кызым мага карап турмушка да чыккан жок. Мунун үйү же жер участогу жок болгондуктан үйүмдү сатып уулум экөөнө бөлүп берейин деп жатам. Бирок, ал акчага азыр үй, участок келеби, келбейби билбейм.