– Назаке, Америкага байма-бай каттап жүрөсүң. Кийинки жолкуда Америкада алты ай жүрүп келди деп уктум. Гезит окурмандарына Америкадан алган таасирлериң тууралуу бөлүшсөң?
– АКШнын артыкчылыктары сырттан келген адамга дароо байкалат. Мейли заңгыраган курулуштарын айтасыңбы, мелтиреген көпүрөлөрүн, ар бир үч-төрт мүнөттө самолет учуп-конгон аэропортторунбу, көз мелжиген үйлөрү көп шаарларынбы, мейли артыкбаш эч нерсеси жок мизилдеген көчөлөрүнбү же андагы кыжылдаган кыймылдыбы, же сага жасаган мамилениби, айтор өзүңдү Америкада чоочун, бөтөн сезбейсиң, өз сезесиң. Ырас, анын астанасын аттадыңбы, сен да анын бир бөлүгүнө айланасың. Чек арадан киргенден кийин, сени көчөдө эч бир мамлекеттик органдын кызматкерлери токтотуп алып, сенин ким экениңди сурашпайт. Бул өлкө мына ушунусу менен да жагымдуу.
– Азыр Кыргызстанда экинин бири болбосо да, ондун бири Америкага барууну кыялданат, эмнеге?
– Жалаң Кыргызстан эле эмес, узун акчанын айынан Америкага дүйнөнүн төрт бурчунан иштеп акча табуу үчүн баруу эч жаңылык эмес. Анткени, ал жакта мыйзам бузбаган, салыктарды өз убагында төлөгөн, жанталашып иштеген адам мээнетине жараша акча табат. Бизнес жасасаң, буга да эч кандай тоскоолдуктар, бут тосуулар болбойт. Болгону салыгыңды төлө да, мыйзам чегинде иштей бер. Мыйзам алдында баары бирдей. Ошондуктан, Америкада экономика аябай өнүккөн, мыйзам да катуу.
– Кыргызстанда кымбат баалуу машиналарды жакшы көрүшөт эмеспи. Аларда кандай экен?
– Американын эли эс алганды жакшы көрүшөт экен, тагыраагы эмгектенгенине жараша эс ала билишет. Ошондуктан да тоо-ташка жүргөн чоң, кымбат машиналарды минишет көрүнөт. Бул жактан барган мекендештерибиз да аларды туурап, кымбат баалуу машиналарды минишет экен. Сөз жок, ар бир үйдө машина болот экен, аялы менен күйөөсүнүн өз-өзүнчө машинасы болуусу бул күнүмдүк зарылдыкпы деп койдум. Себеби, балдарын мектепке алпарып, апкелип дегендей, ал жакта турмуш-тирлик машинасыз бүтпөйт. Өзүңдүн машинаң болбосо иштеп, жашай албайсың. Шаардын чеке белинде жашасаң андан бетер кыйыныраак. Бул жакта коомдук транспорт Кыргызстандагыдай жүрбөйт.
– Америка дегенде иралды адам укугу деген түшүнүк эске келет эмеспи. Адам укугун жарлаган өлкөдө карапайым жумушчуларга болгон мамилеси кандай экен?
– Туура айтасың, Америка адам укугунун сакталышы жагынан эң алдыңкы орунда. Муну Европа, Англияда иштеп-окуп жүрүшкөн биздин балдар-кыздар жакшы билишет. Негизи мыйзам бузбасаң полицейлер баш болуп, сылык-сыпаа мамиле кылышат. Адам экениңди сезесиң. Айдоочулар жол эрежелерин бузушпайт. Жолдор тээ жүз жыл мурда эле келечекке ыңгайлаштырылып салынган. Учурда Кытайда бум болуп курулуп жаткан үстү-үстүнө салынып жаткан жолдор Америкадан алынган. Дубайды куруп жатышканда Чикагонун жол салган архитекторлорун, куруучуларын алдырышып курушкан экен.
Айрыкча, аялдардын, балдардын, азчылыкты түзгөн аёо катмардын укуктары корголгон. Негизи эркиндиктин символу бул – аял. Бардык коомдук жайларда кичине тийип кетсе “sorry” — кечирип кой деген эле адамдар. Коомчулуктун аео аң-сезими бийик. Бизден келген айрымдар “кечирип кой” дегендеринен жададым деп, тамашалап калышат.
– Полициясы гумандуу экен деп айтышат го?
– Машинең бузулуп калса, полиция жардам берген учурлар көп. Дөңгөлөгүң жарылса алмаштырып бергенге чейин жардам көргөзүшөт. Же жөө баспаган жерде кетип жатсаң, жөө басканга болбошун айтып, үйүңө жеткизип койгон учурлары да кездешет.
Биздин бир трак айдаган кыргыз бала ээнирээк жерде машинасы бузулуп туруп калыптыр. Муну ал өзү айтып берди. Токтогондон кийин он мүнөткө жетпей полицей келди дейт. Турган себебин сурайт. Бузулуп от албай жатканын айтат. “От алдырып көрчү” дейт полицей. Анын көзүнчө от алдырат. Машина от албайт. Машина оңдогон фирмага чалууну өтүнөт. Ал жакка чалса жарым саатта келерин айтышат. Анан полицей “тамак-ашың барбы?” деп сурайт. “Бар” дейт. Телефонун сурайт. Таң калып телефонун берет. Полицей жөнөп жатып, “Машина оңдогон фирма келбесе, мага чал, мен сага тамак жеткирип беришим керек” дептир. “Абдан ыраазы болдум” дейт.
– Өзүң күбө болгон кызык окуялардан айтсаң?
– Акыркы учурларда кыргыздар көп барышкандыктан төрөт дагы көп. Биз жакын тааныштардын келинчеги төрөгөндө чыгарышканы барып, суктанган учурубуз болду. Алгач бир медсестра чыгып, машинанын балага ылайыктуулугун текшерди. Кичинекей ымыркайдын өзүнүн отургучу болуш керек. Болбосо төрөткандан чыгарбайт экен. Ымыркайды энесинин алдына алып кеткенге болбойт. Жарык дүйнөгө келгенине бир жума боло элек баланы өзүнчө отургучка таңып коет экен. Мындайча айтканда бала төрөлөр менен өз алдынчалыкка өтө баштайт. Эми баланын коопсуздугун карашса керек. Төрөгөн аялды буту менен бастырбастан коляска менен алып келип, машинага салып беришти.
– Ал жакта төрөлгөн балдардын тили англисче чыкса керек?
– Адеп тили кыргызча эле чыгат экен. Бирок, чөйрөсү англис тилдүү болгондуктан, балдардын эне тилин билбей калуу ыктымалдыгы бар экен. Ушул жагына ата энелер көңүл бурбаса болбойт.
– Америкага аябай суктанган экенсиң, жакпай калган, ойлонто турган жактарын байкай алдыңбы?
– Америка салт, адеп-ахлак дегенди билбейт. Баланы өстүрүү-чоңойтуу жагында чоң айырмачылыктар бар. Бул жагынан айта берсек сөз көп. Мен кыскача айтайын. Биз үчүн ылайыксыз жагы бар дегендей. Бала бакчадан эле бала башкача чоңоет. Бирок, ошонун деле артыкчылыктары бар. Бала канчалык тентектик жасабасын эч качан уруп-сокпойт. Баланын эркин ойлонуусуна шарт түзөт. Жаныбарларды сүйүп чоңоюсуна кам көрүшөт.
Мурдагы СССРден баргандарга ар кандай уюмдар көңүл буруп: “Силерде зордук-зомбулук кадыресе нерсе” дешип, биздин кыз-келиндерге “Жолдошуң тарабынан зордук-зомбулук болсо бизге кайрыл” деп, балдарыбыз мектепке барганда “Үйдө эмне сабагыңды окудуңбу же бөбөктөрүңдү карадыңбы?” деп саксактап турушат экен. Ушундай жагдайдан улам өзүн өтө эле асмандатып кеткен жаштарыбыз да жок эмес. Муну моюнга алышыбыз керек.
– Көптөр Америкага барсак бат байып кетмекпиз дешет. Чын эле ушундайбы?
– Жок андай эмес. Кыйынчылыктар көп. Ким иштесе табат дегендей. Албетте, айлык акы Россияга салыштырмалуу жакшы. Америкада деле эптеп кара курсагын тойгузуп коюп жүрүшкөн улутташтарыбыз аз эмес. Көпчүлүк балдар-кыздарыбыз кара жумушта иштегендиктен оор эле. Тамдардын чатырын жаап, тамак ташып, трак айдап, үйлөрдү көчүрүп, тамак-аш жайларында ж.б. иштешет. Тил билишиң керек.
– Көчөдө “азиялыксың” деп кодулашпайт бекен?
– Жок, сени көчөдө, жумушта кара-ак деп эч ким кодулабайт. Акыркы эки жылдан бери кыргыз кыз-балдары ар кандай максат менен көбүрөөк бара башташты. Бул жакшы көрүнүш. Биздин жаштар аңглис тилин үйрөнө башташты, өстү. Өткөн жылы Россияга эмгек миграциясына кеткендер эки эсе азайды. Жаштар Европа өлкөлөрүнө, Америкага агыла башташты. Учурда Россиядан Кыргызстанга эң көп акча которулса, Америка экинчи орунга чыкты. Бара-бара Америкадагы эмгек мигранттарынан которуулар өсө баштайт. Биз өнүккөн өлкөлөр менен канчалык жакшы кызматташсак өнүгүү болот. Америкада кыргыздын бизнеске аралашкан тың балдар-кыздары пайда болуп калды. Айти, баалуу кагаздар тармагында көп жаштарыбыз иштеп жүрүшөт. Өнүп-өсүп жатышат. Чикаго шаарында эле бир нече ресторандары, трак компаниялары бар кыргыз балдары бар. Кыргыздар эң көп жашаган жер Чикаго шаары.
– Ал жактагы жашоо образы башкача болсо керек?
– Албетте. Америкада кыргыз балдардын бош убактылары абдан аз. Ар биринин алдына койгон бир, эки же андан көп жылдык максаттары бар. Быйыл же эмки жылы эмнеге жетишим керек дегендей. Бири-бири менен сүйлөшсө да бизнес пландары тууралуу ой бөлүшөт. Бизнес идеяларды издешет. Негизи Америкада кайсыл бир бизнес жасасаң Кыргызстандагыдай көп деле аркага кетпейсиң. Банкрот болуу коркунучу аз дегендей.
– Элчилик эл менен баарлашат бекен?
– Америкадагы элчи Бакыт Аманбаев эки өлкөнүн ортосунда мамилени өнүктүрүү боюнча бир топ жакшы иштерди баштап жатат. Ал кишинин демилгеси, аракети менен виза мөөнөтү беш жылдан он жылга өсүп, төлөм акча да төмөндөтүлдү. Эмгек мигранттарын Кыргызстандан алып келүү боюнча да аракеттерди жасап жатат. Негизинен, Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу келишим көп жылдан бери даяр болуп кол коюлбай турат. Ушуга окшогон мамилелер ишке ашса, кыргыз жарандарына бир топ жеңилдиктер болмок.
– Американын кайсы шаарларында болдуң? Эмнеси суктандырды?
– Көп эле жерлеринде болдум. Огайя штатында самолеттордун паркы мени абдан таң калдырды. Эң биринчи чыккан самолёттон баштап, президенттер учкан учактарга чейин көргөзмөгө коюлган. Колорада штатынын (картошканын коңузу чыккан жер) аба ырайы Кыргызстанга окшошуп кетет. Абдан карагайлуу, кооз. Американын бардык жерлери эле кооз. Лас-Вегас шаарына барганымда бир эле мейманканасынын кирешеси Кыргызстандыкынан көп дешти. Элдин мейманканага кирип чыккан агымы суу сыяктуу. Таксилер тейлеп жетишпей жатат. Шаардын кооздугун айтпа. Тоодогу шаркыратмаларды шаардын ичине куруп коюшкан.
– Америкага баргандардан аба ырайы жакты дегендерди угуп калабыз.
– Чикагонун абасы нымдуу. Жайында мончонун парындай эле болуп калат. Бирок, деңиз деңгээлинен бир аз эле беш, он метр бийик болгондуктан биздин Кыргызстандан келгендерге абдан эле жагат. Кичине улгайгандарыбыз “Келгенден баштап эле кан басымым, кант оору жоголду” дешет. Америкалыктар ден соолугуна абдан карашат. Тамакты да жакшы жешет дегендей. Албетте, кыргыздын уй, кой эти жок. Даамы башкачараак. Экологиялык таза тамак Кыргызстанда эле бар.