Дүйшөн сымал бала окутуп, Берлинге чейин жеткен Базарбай Өмүров
«Кыш аяктап, мына-мына жаз келет деп турган мезгил эле. Кар тынбай жаап, траншея-нын ичи тизеге чейин суу. Эртең чабуул деген күнү суук ого бетер күчөдү. Анан эртең менен “алга” деген команда болгондо тоңгон өтүктөрүбүз буттан суурулуп, биз дээрлик жыңайлак бойдон чуркап жөнөдүк. Өтүгүм калды, же күн суук, курсагым ачка деп чуркабай койгон ал кезде эч кимдин мээсине келчү эмес.
Согуш учурунда эч ким өзү жөнүндө ойлочу эмес, биз ошентип тарбияланганбыз. Совет өлкөсүндө өз кызыкчылыгын ойлоп, өз көмөчүнө күл тартуу деген нерсе жок. Биринчи кезекте өлкөнү, элди ойлочубуз. Ошондо да биз тизеден келген муздак сууну кечип турганда бир күн жеңишке жетишебиз, андан кийин тынчтык күндөр келет деп кыялданганбыз. Эми ойлосом, биз ал каардуу согушта советтик жоокерлердин эркинин күчтүүлүгүнөн, эртеңки күнгө болгон ишениминин бекемдигинен эле жеңип чыгыптырбыз” – деп айтчу ардагер-пулеметчу, улук лейтенант Базарбай Өмүров.
Ошол күнкү таймашта Базарбай Өмүров жарадар болот. Бирок, туугандарынын айтымында, ал адегенде эчтеке сезбей башкалар менен кошо чуркап кете бериптир. Бир маалда көзү караңгылап, жыгылып калат. Аңгыча “тырс” эткен үн чыгат. Көрсө, ал эстен танып жаткан учурда душмандын огунан жашынып, ар кайсыл жерге жатып-жатып калган жоокерлерди кайра чабуулга тургузушкан экен. Бир жаш жоокер Базарбайды душман экен деп ойлоп, мылтыгын мээлегенде бактыга жараша мылтыгы атылбай калат. “Ой, иничек, мен өз кишимин” , – дейт Базарбай колун көтөрүп.
Базарбай Өмүров кан майданга 1941-жылдын 28-июнунда өз эрки менен кеткен. Эки жолу жарадар болуп, экөөндө тең айыккан соң кайра согушка кирген. Анын айтымында, ал кезде баары эле фронтко барам деп ээлигип, жулунуп турушчу. Мекенди коргоого аттанган 360 миң кыргызстандыктын ар бир төртүнчүсү кайра келген эмес.
Ооба, ал жашаган доор ошондой кайраттануунун мезгили эле. Ошол кайраттын күчү менен өмүрүбүздү, жаштыгыбызды улуу жеңиш үчүн курмандыкка чалып, фашизмге каршы турдук. Ошол кайраттын күчү менен улуу өлкөнү кура алдык, ачкалыкты, жокчулукту, кыйроону жеңдик.
Б.Өмүровдун үй-бүлөсүн колхоздоштуруу учурунда Украинага айдап ийишкен. Ошол кезде оокаттуу дыйкандарды кулакка тартып, алардын күчү менен Украинанын талааларында пахта өстүрүү боюнча программа болгон. Дагы бир себеп: Базарбай Өмүровдун үй-бүлөсү оокаттуу гана эмес, түгөл билимдүү да кишилер болушкан. Жүздөгөн үй-бүлөлөр түшкөн эшелондор Батышты көздөй кетип атканда он алты жаштагы Базарбай төрт жаштагы иниси Настай менен калып калат. Себеби, Ала-Тоону кыя албайт.
Ошентип, каатчылык өкүм сүргөн 1926-жылы али борбую ката элек боз улан же тууганы, же жакын таанышы жок каардуу турмуш менен бетме-бет калат. Анын бактысына атасы билим берип, сабатын ачып койгон экен. Айтматовдун Дүйшөнү сымал мугалим болуп, айылдагы балдарды окута баштайт. Балдардын саны күндөн күнгө көбөйүп отуруп, Базарбай Шалта, Күнтуу мектептерине директорлук деңгээлге жетет.
Элибиз 1924-жылы гана кат таа-ныганды баштап, 1930-жылдары өлкөбүздө 600 мектеп ачылган. Согуш башталган мезгилде болсо калк-тын 82 пайызы сабаттуу болуп калган. Ушунун баары Базарбай Ємүров сыяктуу алгачкы мугалимдердин эмгегинин үзүрү.
Б.Өмүровдун эмгегин жогору баалаган совет бийлиги аны Жалал-Абад облусуна агартууну жайылтуу-га жиберет. Ошол жактан фронтко аттанып, адегенде 7-, андан соң 12-гвардиялык аткычтар дивизиясынын курамында болот. 7-дивизияда ал Москваны коргоп, жарым-жартылай курчоодо калган дивизия төрт күн фашисттердин чабуулунун мизин кайтарса, кийинчерээк Демянск чабуул коюу операциясына катышып, Новгород облусунун аймагын бошотот. Операция кычыраган кыш мезгилинде башталып, саздак жерде жүргөндүктөн, азык-түлүк, ок-дары кечигип келген, жоокерлер болсо басканда, траншея казганда чоң кыйынчылыктарга дуушар
болушкан.
1942-жылы дивизия ССчилердин “Мертвая голова” бөлүгү менен толукталган «Зейдлиц» тобунун курчоосунда калып, бир жарым жыл дегенде гана курчоону жарып чыгышат.
Новгород менен Псков бошотулган соң Базарбай качкан немистердин чоң тобун талкалоого, Прибалтика республикаларын бошотууга катышат. Үчүнчү жолу жарадар болгондон кийин биздин каарман жердешибиз 12-гвардиялык аткычтар тобунда кызматын улантып, Ленин, Кутузов, Суворов ордендери менен сыйланган бул дивизиянын курамында Курск догосундагы тарыхый таймашка катышат, Днепрди кечип өтүп, Беларуссияны, Прибалтиканы бошотот, душмандарды Одерге чейин кууп барат. Жеңиш тууралуу кубанычтуу кабарды мурдагы мугалим, улук лейтенант Базарбай Өмүров Эльбада, Берлинге жакын жерден угат. Бирок, капитуляция жарыялангандан кийин да ал дароо эле үйгө кайтпай, Украинаны бендеровчулардан бошотууга катышат.
Согуштан кийин Б.Өмүров өзү туулуп-өскөн Кыргызстанга кайтып келет. Эми жалпы элдин алдында кыйраган чарбаны кайра калыбына келтирүү милдети турду. Мисалы, өнөр жайын согуш алдындагы жылдарга салыштырмалуу үч эсе жогорулатуу керек эле. Билим берүү тармагы да өзгөчө камкордукка муктаж болчу. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, согуш жүрүп жатканына карабастан, билим берүүгө бөлүнгөн каражат азайбастан, тескерисинче, такай көбөйтүлүп турган. Ар бир окуучуга бөлүнчү каражат 30 пайызга жогорулатылып, мугалимдердин айлыктары көбөйгөн.
Улук лейтенант Базарбай шинелин чечип, Нарын облусунун Чолпон районунда кайрадан балдарды окутууга киришет. Биринчи эле беш жылдыкта мектепердин бүтүрүүчүлөрүнүн саны үч эсе өстү, башкача айтканда, согушка чейинки деңгээлге гана кайтпастан, андан кыйла ашып түштү.
Өзүнүн өмүрлүк жубайын да агартуу тармагынан тапкан. Чолпон айылынан ал 22 жаштагы физика жана математика мугалими Самар Атабекованы жолуктуруп калат. Ал кезде аялдар мугалим, болгондо да табигый илимдердин мугалими болгон учурлар өтө сейрек эле. Анткени, Кыргыз ССРинде аял педагогдорду даярдоо 1949-жылы, Кыз-келиндер педагогикалык окуу жайы, азыркы И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети ачылгандан кийин гана башталган.
Интеллигенттердин бул үй-бүлөсүндө китепке мамиле өзгөчө болгон. Уулу Кудайберген Базарбаевдин айтымында, атасына таандык Владимир Ильич Лениндин ”Эмне кылуу керек?” деген китеби алардын үйүндө дале сакталуу. ”Атам бул китепти 1946-жылы окуп, биринчи бетине кол тамгасын коюп койгон экен. Азыр да ал китеп менин үйүмдө, эң көрүнүктүү жерде турат. Китепти карандаш менен окуп, маанилүү жерлерин белгилеп койгонду бизге атам үйрөткөн, биз болсо балдарыбызга үйрөттүк. Апам өмүр бою мектепти таштаган жок, жүздөгөн балдарды тарбиялап чыгарды” – дейт К.Базарбаев.
Бул үй-бүлө алты бала менен иш боюнча далай жолу орун которуп, Чолпон районунан Ат-Башыга көчүштү. 1962-жылы Базарбай Өмүровду Токмокко которушуп, ал жерде да алты жыл иштейт. Убагында госпиталдардан чала дарыланып калгандан улам, 23 жыл бою денесин азапка салган душмандын огу акыры өз өкүмүн жүргүзүп, 1968-жылы Токмокто иштеп жүргөндө көз жумган.
Азыр ал киши биздин арабызда жок. Бирок, артында үлгүлүү өмүрү, балдарына, небере-чеберелерине айткан ”адам жаркын келечекке жетиши үчүн ойдон чыгарылган эмес, чыныгы болгон өтмүшүн билиши керек”, – деген насаат сөзү калды.
Базарбай Өмүров кыргыздын каада-салтын жакшы билген, өзү да нарк-насилди катуу сактаган инсан эле. Нарк-насилсиз адамдын – адам, улуттун – улут болушу кыйын. Бүгүнкү күндө Президентибиз ага өзгөчө маани-берип, атайын жарлык чыгарганы да бекеринен эмес да.
Бүгүн, Улуу Жеңиштин алдында биз аны алып келгендерди эскергенде, башкалар менен катар эле өз Мекенин жоодон коргоп, дүйнөнү фашизмдин эзүүсүнөн куткарган советтик жоокер, пулеметчу, улук лейтенант Базарбай Өмүровду да кошо эстеп коюуну туура көрдүк…
Фидель ЖУСУПБЕКОВ