Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп куруу пландалууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, аталган курулушка тендер Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай жарандык курулуш департаментинин облустук башкармалыгы тарабынан жарыяланды.
Жаңы мектеп 750 окуучуга ылайыкташтырылып курулмакчы. Сметалык баасы 455 млн. 828 миң 172 сомду түзөт.
Сынактык арыздарды берүүнүн мөөнөтү 10-июнга чейин.