whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.11.2025
-0.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТелефон шылуундарынан сак болуңуз!

Телефон шылуундарынан сак болуңуз!

Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды телефон шылуундарынан сак болууну эскертет.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана «102» кызматтарына телефон алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр келип түшүүдө.

«ИИМдин тийиштүү кызматтары ал кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Алар жарандардын телефон номерлерине байланышка чыгып, күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, туугандары кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) кабарлоо менен курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышат. Жабыркагандардын арасында чалгандардын көрсөтмөсү боюнча шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.

Өз кезегинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, жакындарыңыз менен байланышып, маалыматты тактоону сунуштайт.

ИИМ шылуундардын талаптарын аткарууга шашпай, күнү-түнү иштеген «102» кыска номерине жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө кабарлоону эскертет!

Гезит

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар