Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Этнотуризмдин кытайлык үлгүсү

25-майда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Хоргос шаарында Кытайдын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат каражаттарынын бирдиктүү жумушчу пунктунун ачылышы болду. Биз, Борбор азиялык журналисттер тобу СУАРдын Или-Казак автономиялуу округунда бир апталык сапарда болуп кайттык.  

 

Өткөрүү бекетинен өнүгүү жолуна түшкөн калаа

Кытайдын батыш тарабындагы бажы тариздөөчү унаа портунун узак тарыхы бар. Хоргостун унаа жолдор порту 1881-жылы түптөлүп, ал эми 1992-жылы үчүнчү өлкөлөргө соода алака дарбазасын ачкан. Хоргос азыркы күндө да Улуу Жибек Жолунун боюндагы негизги соода-экономикалык, саясий, маданий кызматташтыктын транзиттик түйүнү болуу ролун аткарууда. Хоргостун жаңы муундагы мамлекеттик унаа портунун курулушу 2012-жылы башталып, ал 2018-жылдын сентябрь айында ишке берилген. Мындагы курулуштар жыл сайын 3 млн. тонна жүк, 5 млн. жакын калк кирип-чыгып туруусуна ылайыкталып салынган. Хоргос аркылуу Кытайга негизинен айыл чарба азыктары, тамак-аш импорттолот. Ал эми коммерциялык автомобилдер, жашылча-жемиштер, шамалдан энергия өндүрүүчү жабдуулар, электромеханикалык товарлар, кийим-кече, тигүү тармагына керектүү аксессуарлар ж.б. экспорттолуп турат. Бүгүнкү күндө анын аймагында «Хоргос Луган» эл аралык логистикалык компаниясы, электромотоцикль чыгаруу-чу «Хоргос Чжунцзинь» индустриалдык ири ишканасы, илимий-индустриалдык жашылчалар паркы орун алып, булардын аянты улам өсүп, кубаттуулугу артылып жатыптыр. Андан тышкары, ишкерлер, туристтер үчүн мейманканалар, соода түйүндөрү, административдик кеңселер ж.б. жайгашкан. Хоргос шаарынын калкы 30 000ден ашып, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлар калаанын территориясы кеңейтип бара жатканын көрсөтүп турат.

«Хоргос 10 жыл мурда «Бир алкак, бир жол» платформасын биргелешип ишке ашыруу демилгеси менен башталып, чек ара пунктунан шаар макамына чейинки жолду басып өтүүдө. Хоргостун кыска мөөнөттөгү өнүгүүсү – Синьцзяндын Борбор Азия өлкөлөрү менен бирге достук кызматташтыкта гүлдөп өнүгүүгө ачык экенин айгинеледи. Кошуна турган достор бири-бирине тез-тез каттап турса, ортодогу жакын ымала ошончолук артылат эмеспи. Алты күндө Синьцзянды бүтүндөй кыдырып чыгуу кыйын. Бирок, СУАР менен Борбор Азия регионунун журналисттеринин жумушчу пунктунун ачылышы – жакшы иштин жаңы башталышы», – деп билдирди СУАРдын партиялык комитетинин үгүт иштери боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чэн Сюэлян.

Этнотуризм өнүккөн аймак

Кулжадагы Казанчы уезди өткөн доордо казан-аяк жасаган устаканалардын чордону болгондуктан ушундайча аталып калыптыр. Бүгүнкү күндө бул аймак этнотуристтик бизнеске айланган. Туристтер жергиликтүү колориттеги үйлөргө конуп, улуттук тамак-аштан даам сызууга кызыгышат. Ушуга байланыштуу жергиликтүүлөр чет элдиктерди ат арабага түшүрүп, өткөн замандын элесин берген көчөлөрүн кыдыртып көргөзүшөт. Казанчыны 13 этникалык калк жердеген. Мында көптөгөн үй-бүлөлөр жашаган тамдар мамлекеттин архитектуралык коругуна алыныптыр. «Сезон учурунда менин үйүмө күн сайын 1000ге жакын турист келип-кетип турат. Айрымдары ижарага алып конуп калышат. Ата-тегибиз Казанчы аймагын жердегенине 100 жылдан ашты. Биз жашаган бул үй ошол доордо курулуптур. Туризмден айына орточо алганда 20 000 юань (3000 доллар) киреше табам. Өкмөт көчөлөрдү оңдоп, коммуналдык инфраструктураны жакшыртып, этнотуризмди өнүктүрүүгө 2008-жылы уруксат берген. Ага чейин бул жакта болгону 7-8 үй-бүлө эле ушул бизнес менен алектенчү. Азыр бул бизнес менен иштегендер өтө көп», – дейт жергиликтүү уйгур Али Мухамед. Бул аймакта туристтердин табитине жараша уйгур, казак, орус ж.б. этностук өзгөчөлүккө жараша конок үйлөр сунушталып турат. Мында 100 жылдан ашкан үйлөр өтө көп.

Казанчы – элдик фольклордук туризм аймагы болуп аталып,  эски Кулжа шаарынын Синьхуа тарабына кеткен чыгыш жолунда жайгашкан. Жалпы аянты 22,9 квадрат километрди түзөт. Учурда анын 4,2 квадрат километри өздөштүрүлгөн. Ал эми 2007-жылы туризм тармагын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 100 млн. юань инвестиция салынып, туризмдин 4 А деңгээлине жеткирилген. Азыркы учурда жаратылышы көз тайгылткан кооз аймакты модернизациялоо иштери колго алынып, туризмдин 5 А деңгээлине жеткирүү жумуштары жүрүп жатыптыр.

Бир топ жыл мурда мында Турдахун бай аттуу уйгур улутундагы жергиликтүү ишкер болуптур. Ал тери иштеткен ишканаларды ачып, жергиликтүү элге жумуш орундарын түзүп, кайрымдуулук менен да алектенчү экен. Азыркы күндө анын 90 жыл мурда курулган үйүн мамлекет музейге айландырган. Казанчыдагы атам замандагы курулган үйлөр жайкысын ысыктан коргоп, кышкысын жылуу болгондуктан кылымдар бою сапатын жоготпойт. Табигый шарты төп келген Или-Казак автономиялуу округунда Цин династиясынын Цянълун доорунан Кытай Эл Республикасы түзүлгөн мезгилге чейин салынган 300дөн ашык ар түрдүү байыркы имараттар сакталып калган. Андан тышкары, этникалык калктар жашаган 20 000ге жакын үй ушул аймактын кайталангыс өзгөчө байлыгын, Кытайдын тарыхын, маданиятын чагылдырган туристтик эс алуу жайларына айлантылган.

Аккордеондор музейи, музыка жаңырган көчөлөр

Кулжада төрөлүп өскөн музыкант Александр Зазулин бала кезинен аккордеон оңдоону, ойноону атасынан үйрөнүп, аны өмүр бою кесип кылып, биротоло жарактан чыккан аккордеонду да «тирилтип» келатыптыр. Ал аалам калкы интернеттен кабары жок 50 жыл мурда Канада, Германия, Корея, Россия ж.б. дүйнө өлкөлөрүнөн аккордеон чогулта баштаган. Ал бир нече жыл мурда аккордеондорун жайгаштырууга ылайыктуу жай сурап, Кулжа шаарынын элдик өкмөтүнө кайрылган. Ал эми 2019-жылы жергиликтүү бийлик ага сактоочу жай эмес, 800 аккордеонду батырган жана концерттик сценасы менен атайын музей курдуруп берген. Мындан тышкары Зазулиндин өз үйүндө 500гө жакын аккордеон сакталып турганын айтышты. Анын коллекциясында 300 жыл мурдагы аккордеон да бар. Дүйнөдөгү эң чоң аккордеон да ушул аймакта сакталып турат. Бүгүнкү күндө Кулжанын Люсин көчөсүндөгү аккордеон музейин көрүүгө дүйнө жүзүнөн туристтер жыл бою келип турушат. Ал жерде ар улуттан турган элдик ансамбли түзүлгөн. Александр таап-ташыган бардык каражатына ар өлкөдөн аккордеон сатып алып келүүгө бүткүл өмүрүн арнап келатыптыр. Казанчыда «Алты шаар» деп аталган кыйма-чийме туристтик көчөлөр бар экен. Мында жашаган элдин дээрлик көбү үйлөрүндө аккордеон кармашат жана майрамдар, тойлор аккордеонсуз өтпөйт.

Сейрек кездешкен сибо эли  

Кулжанын Чапчал уездинде дүй-нөдөгү  эң аз калктардын бири болгон саны 200 миңдей сибо деген эл жашайт экен. Кытай өкмөтү бул элдин тили, жазма маданияты жана каада-салтынын жоголуп кетүүсүнөн коргоп, «Чапчал серкин» деген гезитин үзгүлтүксүз каржылап келе жатыптыр. Гезит аптасына 4 беттен эки жолу 2000 нуска менен чыгат. 16 адам эмгектенген гезит коомдук турмуштун бардык тармактарын чагылдырып, Синьцзян, Пекин, Шэньян, Цзилин ж.б. шаарларга таратылат. Аны каржылоого мамлекет жыл сайын 3 млн. юань бөлүп турат. Гезиттин редакциясы басмаканасы менен бирге 4 кабаттуу чоң имаратка жайгашкан. Кызыгы, сибонун 121 тамгасы бар экен жана анын бешөөсү үндүү тыбыштар. Арифтери Кытайдын иероглифине да, анда катарлаш жашаган башка этностордукуна да окшобойт. Сүйлөмдөрү жогортон төмөн, солдон оңго карай окула бергени таң калтырды. Башка өлкөлөрдө сибо элинин өкүлдөрү дээрлик жокко эсе. Ушуга байланыштуу Кытайдын жана сибо маданиятына кызыккан башка өлкөлөрдүн илимпоздору сибонун тили алтай тилдеринин манжур-тунгус тайпасына жакындыгын аныкташкан. Бирок окумуштуулар да сибо эли тууралуу изилдөөлөрүнө «Чапчал серкин» гезити аркылуу маалымат алышат.

Гезит 1946-жылы Кытайдын коммунисттик партиясынын борбордук комитети аркылуу негизделген. Кытай элинин өз тарыхына аяр мамиле жасаганын мындан билүүгө болот: гезиттин алгачкы санынан берки 78 жылдын ичиндеги басмакананын эскирген техникалары редакциянын короосундагы айнектелген чоң кутуларда сакталып коюлган.

Нарынкүл Назаралиева, Кыргыз Туусу

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар