Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Көрүнүктүү ишмер Күмүш Суранова эскерилди

Элетте эле жашап, эмгектенип, элине эмгеги менен таанылган чыгаандар чыккан. Алардын бири чарбалык жана коомдук, элеттик саясый ишмер, акын Күмүш Суранова.

Ал мындан туура бир кылым илгери Нарын районунун Өрнөк айылында туулуп, 1950-жылы 26 жашында Нарын шаарындагы Токтогул атындагы мектепти сырттан окуп бүтүрүп, андан соў Кыргыз Республикасынын 2 жылдык партиялык мектебинен билим алган. 1963-жылы Пржевальск шаарындагы айыл чарба техникумунун зоотехния бөлүмүн сырттан аяктайт.

Болгон билими ушул. Бирок, кандай жумуштарды аткарган? Согуш маалында 1942-жылы кат-сабаты бар секелек кыз алгач Эчки-Башы айылындагы окуу үйүнүн башчысы, колхоздун эмгек табелчиси болуп, ал эми бир жылдан кийин жылкы ферма башчылыгына дайындалган. 1948-жылы Он-Арча айылдык кеңешинин төрайымы болуп калат. Ошентип бир катар советтик жана партиялык кызматтарда такшалган айымга 1958-жылы Коммунизм колхозунун председатели кызматы сунушталат. Чарбаны өнүктүрүп, алдыўкылардын катарына кошкон.

Анын эмгеги бааланып, 1948-жылы Кыргызстан ЛКЖСынын съездине делегат, 1950-жылы СССР Жогорку Советине, 1959-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине, бир нече ирет облустук, райондук, айылдык советтерге депутат болуп шайланат. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Эки “Эмгек Кызыл Туу” ордени, “Эмгектеги артыкчылыгы”, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалдары, “Айыл чарбасынын отличниги” төш белгиси менен сыйланат.

1971-1983-жылдарда кайрадан Он-Арча айылдык Кеңешинин төрайымы болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгат. Анын өмүрү менен басып өткөн жолунун ушундай урунттуу учурларын жакында Нарын районунун Миў-Булак айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектептин окуучулары 100 жылдыкка карата өткөрүлгөн адабий кечеде элестетип көрсөтүштү.

Мындан сырткары Күмүш Суранованын жазып калтырып кеткен чыгармалары көркөм окулду. Анткени, бул адам акын да болгон. Биринчи китеби “Бакыт берген партиям” деген ат менен 1967-жылы жарык көргөн. Андан кийин да «Баба Дыйкан» (1971-ж), «Он-Арча» (1993-ж), «Баскан изге кылчаюу» (2006), «Ыйыгым-элим, Мекеним» (2006-ж), «Уялашыма» (2010) аттуу китептери чыгат.

Күмүш эненин эмгеги эгемендүүлүктөн кийин да унутта калтырылбаган. 1995-жылы Москвада өткөн Улуу Жеўиштин 50 жылдык салтанатына чакырылса, ушул эле жылы сентябрда Пекинде өткөн аялдардын бүткүл дүйнөлүк конгрессине делегат болгон.

100 жылдыкка арналган кечеде «Күмүш Сурановадай адамдар ар дайым эскерилип турушу керек. Булардын иштери кийинки муундарга өрнөк болот. Ошондуктан облустук театрда, Бишкекте филармонияда атайын жыйындар өткөрүлүшү зарыл», – деген пикир айтылды.

Эскерте кетсек, К.Суранова узак өмүр сүрүп, 89 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Күмөндөр Усуптегин

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар