(Башталышы өткөн сандарда)
Ортоңку– Middle School 6-8-класстагы окуучулар үчүн бардык өтүлүүчү предметтер менен катары кесипке багыт берүүчү сабактар кошулат. Шахмат менен өтө көп балдар машыгат экен. Жогорку 9-12-класстар High School деп аталат. Окуучунун жөндөмүнө, кабыл алуусуна, каалоосуна жараша предметтерди кыскартып же кошуп окуу каралган. Бүтүрүүчү класстын окуучулары мамлекеттик экзамен тапшырат.
Мектептерде күнүнө 5-6 сабак өтүлөт. Түшкү тыныгуудан кийин окуучулар спорт, музыка ж.б. каалаган тармакта өнүгүү үчүн көп убакыт өткөрүшөт. Окуучунун билими A, B, C, D, F түрүндө бааланат. Мектептер: мамлекеттик (акысыз билим берүү) жана менчик болуп экиге бөлүнөт. Көпчүлүк кыргыздар мамлекеттик мектептерди тандашат. Окууда ийгиликтерди жаратып, жогорку окуу жайга акысыз билим алууга жолдомо алган кыргыз уул-кыздары жөнүндө жагымдуу маалыматтарды угуп жүрдүм. Жогорку окуу жайларды аяктап, белгилүү компанияда эмгектенген кыргыз жаштары да аз эмес экен. Көпчүлүгү IT: маалымат тармагы, программалоо адистикте эмгектенишет. Жаңы баргандар, албетте, жөнөкөй официанттан, бийик имараттын айнектерин жуугандан, курулуштан, жүк ташып, үй көчүрүүдөн башташат экен. Көчкөн жагынан америкалыктар алдыда десем болот. Алар ден соолугуна, климатына, ишине байланыштуу ар дайым көчүп жүрө беришет.
Манхэттенде…
Кыргыздын эр-азаматтарынын канында ат үстүндө жүрүп тирилик кылуу, үй-бүлө багуу бар эмеспи, балким ошондонбу, көпчүлүк балдарыбыз такси кызматында иштешет. Уулум менен айдоочунун күбөлүгүн жаңыртууга кирдик эле, 12 мүнөттө даяр болду. Тажрыйбалуу болуп калган жигиттерден калышпай, кыздар дагы жүк ташыган, узундугу 25 метрге жеткен унааларды айдап жүрүшөт.
Кыргыз кыз-келиндерибиз балдарга няня, бала бакчаларда тарбиячы, улгайган адамдарга кам көрүүчү (сиделка), дүкөндөрдө, кафелерде, сулуулук салонунда, программист, таксист, банк кызматчысы, мугалим жана дарыгер болуп эмгектенип жатышат. Алардын девизи “иштесең – тиштейсиң”, “ сабырдын түбү сары алтын”. Уул-кыздарыбыз үчүн “Жибек жолу” ж.б. улуттук ашканалар ачылган. Андагы тамак-аштар америкалыктарга да абдан жагат экен. Жаштардын нике тойлору, тушоо кесүү, сүннөт тойлор өтүп турат. Улуу муундагы ата-энелер ушундай тойлордо таанышып, катышып турушат. Эгемендүүлүк жана Нооруз майрамында улуттук, спорттук мелдештер өтүп турат.
АКШга барганыма бир жыл болгондо визам бүтөөрүн күтпөй, англис тилин окуп жана иштеп жүрүүгө мүмкүн болгон колледжге тапшырдым.
Жумасына 18 саат, иштен кийин 18:00 – 21:00 чейин студент болчумун. Айына окуу китептерим менен 600 доллар сарпталат. Кээ бир семестрде ишемби, жекшембиде окуп жүрдүм. Окуума байланыштуу 5 күндүк жумуш керек болду. Белорусиядан барган жаштардын уулуна 2 жыл тарбиячы болдум. Уулумдун ишине байланыштуу 2016-жылы Чикагодон Нью-Йоркко көчүп бардык.
Нью-Йорк шаарында мигранттар, туристтер өтө көп. Туристтер көрүүнү эңсеген “Эркиндик ” статуясы, дүйнөлүк финансы жана маданияттын борбору болгон Манхэттен, асман тиреген көп кабаттуу имараттары, абдан кооз борбордук сейил багы, Таймс – сквер аянтында жайгашкан “Бродвей” театры ж.б. көптөгөн туристтерди таң калтырган кооз жайлары менен эсимде калды. Окуумду Нью-Йоркко которуп алып, Манхэттенден уланттым. Жумасына 2 күн 9 сааттан 18 саат окуйт элем. Жашаган аймак Статен – Айленд аралы деп аталат. Манхэттенге жетүү үчүн кээде автобуска, көбүнчө электричка жана паром менен жол жүрчүмүн. Көпчүлүк туристтер паромго түшүшөт, себеби “Эркиндик” статуясынын жанынан өтөт экен.
Аралдарды океан бөлүп тургандыктан, жүргүнчүлөрдү паром акысыз жеткирет. 30 мүнөт сайын тейлеген паром менен жетип, миңдеген жүргүнчүлөр Манхэттенге барып окуп, иштеп жана саякаттап жүрүшөт.
Нью-Йорк Американын жана дүйнөнүн ири шаарларынын бири болгондуктан музейлер, мейманканалар, тарыхый мунаралар, кеңселер, маданий борборлор көп жана АКШнын расмий эмес борбору сыяктуу сезилет. Чикагого салыштырмалуу аба ырайы, кышы жылуу экен. Жергиликтүүлөр бизди монголдорго жана кытай жарандарына окшоштурушат.
Ал жактан мен 5 күн америкалык үй-бүлөнүн окуучу балдарына тарбиячы болуп эмгектендим. Мектептен тосуп, кружокторго, спорт мектебине жеткирип, үй тапшырмасын аткарууда жардамдашат элем. 2 дем алыш күнүмдө англис тилин үйрөнүп жүрдүм. 2018-жылдын жазында АКШга барган сапарымды жыйынтыктап, аман-эсен эл-жериме кайтып келдим.
“Үйдөгү” үйдөй ойлор
Кыргызстанга саякаттап келген туристтердин саны жылдан-жылга өсүп, тейлөө сапаты да кубанаарлык. Четтен келип билим алган студенттер мамлекеттик казынага салым кошуп жатышат. Менин айтайын дегеним, ишке келген чет элдик жарандардын визасын узартууда кыргыз тилин үйрөнүүнү талап катары кошуп койгондо, мамлекеттин бюджетине кошумча киреше түшмөк.
Тилди үйрөнүү курсун окуп жатканы, окуу акысы мамлекеттик кассага түшкөнү тастыкталганда гана Кыргызстанда иштөө визасы узартылып турса деген сунушум бар.
Америка жана башка өлкөдө окуп, иштеп жүргөн жаштарыбыздын сабырдуулугу, ынтымагы, эмгекчилдиги, күч-кубаты арта берсин. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей тышта жүргөн балдарыбыз мекенине кайтып келип, үйрөнгөн – билген тажрыйбасын колдонуп, өлкөбүз – экономикасы өнүккөн алдыңкы мамлекеттерден болооруна ишенем. Биздин байлыгыбыз силерсиңер – кыргыздын чыгаан уул-кыздары!